«Кентавр» тасмасы Бишкекте кайрадан көрсөтүлөт

Бишкек шаарында 28-февралдан тарта режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кентавр» тасмасы көрүүчүлөрдүн суранычы менен экинчи ирет коюлат.

Тасма борбордогу «Ала-Тоо» кинотеатрында кыргыз тилинде көрсөтүлүп орусча субтитр менен коштолот.

«Сурагандар көп болуп жатат. Дагы бир көрсөк болот эле депчи. Анткени [биринчи ирет] бир айга жетпей көрсөттүк. Андан кийин байгелерди алып жатты, маалымат каражаттарынан чыгып жатты, элдин оозунан түшпөй келди, ошондон улам кызыгып калышты көрүнөт», — деди Актан Арым Кубат.

Тасманын режиссёру «Кентаврды» Ош шаарында көрсөтүүнү сурангандар да болуп жатканын кошумчалады.

«Кентавр» — кудайды издеген, элдик салттарды сактап калууга умтулган адам туурасындагы фильм. Тасма аргымактардын союлушуна каршы чыккан, кээ бир күлүктөрдү уурдап, таң атканча чаап, агытып жиберген Кентавр аталган карапайым кишинин айланасындагы окуялар менен коштолот. Анын ролун Актан Арым Кубат өзү жараткан.

2017-жылы Астанада өткөн «Евразия» эл аралык кинофестивалында «Кентавр» эки байге жеңип алган: «Эң мыкты режиссёрдук иш» жана «НЕТПАК» (Азия киносун жайылтуу боюнча атайын байге).

Ушул эле жылдын ноябрында АКШда болгон Азия фильмдери фестивалында «Кентавр» тасмасындагы ролу үчүн Актан Арым Кубат «Мыкты актёр» аталган.

Көп өтпөй тасма Беларусияда өткөн «Листопад» кинофестивалында «Кинодогу гумандуулук жана руханият үчүн» деген номинацияга ээ болгон. Тасманын мындан башка да сыйлыктары бар.

Кыргызстан, Германия, Франция жана Голландия биргелешип тарткан кинонун дүйнөлүк бет ачары эки жыл мурун Берлинде болгон.