Садыр Жапаровдун тушунда парламент ансыз деле бир топ ыйгарым укуктарынан ажырады. Депутаттардын туруктуу өкүлчүлүктүү жаңы орган парламенттин ордун басабы деп чочулап турганына карабай, президент Элдик Курултайды «күчтөп киргизди». Президенттин тарапташтары Курултай бийликтин эл менен байланышын бекемдейт дешүүдө. Бирок ал жерде элдин үнү угулаарына эксперттердин көзү жетпейт. Жаңы орган азыркы бар органдардын фунцияларын кайталайт жана, тажрыйба көрсөтүп тургандай, президенттик бийликти күчтөй турган дагы бир кезектеги куралга айланышы мүмкүн.
25-ноябрда өлкөдө мындан ары дайыма өтө турган Элдик Курултайдын алгачкысы өтөт. Өлкөнүн парламенти бул органды мыйзамдаштыруудан баш тартканына карабай, президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын жардамы менен киргизип отурат. «Клооп» аталган элдик жыйынды колдогондор жана ага каршы чыккандардын аргументтерин териштирди.
Курултай — түрк жана монгол элдеринин улуттук парламенти — тарыхта бери эле дегенде Чыңгызстандын доорунан бери аталып келет. Курултайда уруу башчылары, өлкөнун булуң-бурчунан келген атуу-баштуулар тышкы жана ички саясаттын маанилүү маселелерин талкуулашкан. Мисалы, дал ошол 1842-жылдагы курултайда Ормонду хан көтөрүшкөн.
Кыргызстанда европа тибиндеги парламент 1938-жылы пайда болгон. Анда Жумушчу жана дыйкандар кеңеши жогорку мыйзам чыгаруучу органга айланган. Ушул убактан тартып 1994-жылга чейин парламенттин ыйгарым укуктарын бир палаталуу Кыргыз ССРнин Жогорку Совети аткарып келген. 1993-майдан тартып тартып, жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мыйзам чыгаруучу орган Жогорку Кеңеш деп атала баштаган. Совет мезгилинде болсо Курултай өткөрүлчү эмес.
Ким кыйын? Бийлик менен оппозиция курултай менен жарышкан
Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин курултайлар жандана баштаган. Негизинен курултайлар аны ким чогултса, анын колдоочуларынын көптүгүн көрсөткөн — бийликти же оппозицияны.
1992-жылы Акаевдин тушунда кыргыздардын биринчи Дүйнөлүк курултайы өткөн, ал эми 1994-жылы Акаев Кыргызстандын калкынын биринчи Курултайын чогулткан. Анда «Кыргыз Республикасын элдеринин ортосундагы улуттар аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо» маселеси каралган. Бул 1990-жылы Ош облусундагы кыргыз-өзбек кагылышына жооп болчу.
«Кыргыз мамлекеттүүлүгү: тынчтык жана туруктуулук» деген аталыштагы кийинки курултай 2003-жылы, президенттин креслосу кылкылдай баштаганда өткөрүлгөн. Өз кезегинде оппозициячылар дагы өздөрүнүн курултайларын өткөрүшкөн. 2022-жылдын 16-ноябрында алар Акаевдин президенттик ыйгарым укуктарын узартуу боюнча референдумдун мыйзамдуулугун жана Аксыдагы ок атуу боюнча сот отурумду талкуулоо үчүн чогулушкан. Бирок Курултай бийлик тарабынан үзгүлтүккө учураган.
2005-жылы Акаев тактан кулатылганга чейин, бир нече күн мурда оппозиция Ошто курултайды ийгиликтүү өткөрүп, митингге чыккандар облустук администрацияны басып алган. Ошондон кийин курултайда сөз сүйлөгөн Курманбек Бакиев өлкө президенттигине келген.
2010-жылы болсо оппозициянын курултайы Бакиевге каршы өткөрүлгөн. 17-мартта оппозиция Бакиевге саясий репрессияларды, ЖМКга жана сөз эркиндигине басым кылууну токтотууга бир апта мөөнөт берген. Апрель айында өлкө боюнча бир гана маселени көтөргөн жергиликтүү курултайлар чогула баштаган: кылмыштуу бийликке карата мындан ары кандай чара көрсө болот. Милиция курултайларды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган, бирок Талас облусунда митингге чыккандар милиция кызматкерлерине таш атышып, ИИМдин башчысын кармап, туткунга алып, облустук администрациянын имаратын өрттөп жиберишкен.
Бакиев 23-мартта «бийлик менен элдин ортосунда пикир алмашуу» үчүн өткөрүлгөн «Макулдашуу Курултайынын» жардамы менен бийлигин сактап калууга аракет кылган. Делегаттар аны колдошкон. Бирок эл колдоп жаткандай түр көрсөтүү ишке ашкан эмес. Апрелде Бишкекте оппозициянын лидерлери кармалып, митингге чыккандарга карата ок атылганына карабастан, Бакиев такттан кулатылып, кийинчерээк өлкөдөн качып чыгып кеткен.
Акыркы оппозициячыл курултай 2022-жылдын 15-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде өткөрүлдү. Жарандар суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча чечимди эл менен макулдашууну талап кылышты. Көп өтпөй курултайдын айрым катышуучулары массалык башаламандыктарды өткөрүүгө даярдык көрүүгө айыпталып кармалды.
Саясат таануучу Медет Төлөгөнов буга чейин курултайлардын чакырылышы мыйзамдарда майда-баратына чейин жазылбаганын белгилейт. Садыр Жапаров курултайларды туруктуу ишмердүүлүк жүргүзүүчү институт кылып түзүүнү чечкен биринки президент болуп калды. Президенттик шайлоодо жеңип чыккандан кийин ал Конституцияны өзгөрткөн: өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип, Баш мыйзамга Элдик Курултай жөнүндөгү норманы киргизген.
«Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, биз, Жогорку Кеңеш тарап эле кетели»
Азыр, Конституция боюнча, Элдик Курултай — бул коомдук-өкүлчүлүктүн чогулушу. Анын кеңеш берүүчү, көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктары бар. Курултай коомду өнүктүрүү боюнча сунуштарды бере алат. Алар аткаруу бийлиги үчүн милдеттүү эмес: Курултай делегаттарынын кайсы сунуштарын аткарып, кайсыны аткарбасын — президент өзү чечет.
Элдик Курултайды уюштуруу жана анын ишмердүүлүгүнүн тартиби Конституция жана атайын конституциялык мыйзам менен аныкталат. Ошол эле мыйзамда Элдик Курултайдын делегаттарынын укуктары, аларды шайлоо жана иштөө тартиби жазылган.
Президенттин тапшырмасы менен түзүлгөн жумушчу топ конституциялык мыйзамды демилгелеп, 2022-жылдын мартында коомдук талкууга койгон. Бирок бул демилге эксперттердин да, депутаттардын да сынына кабылды. Сын айткандар Элдик Курултай парламенттин функциясын кайталап, экинчи Жогорку Кеңеш болуп каларын, бирок ыйгарым укуктары андан да бүдөмүк экенин белгилешкен.
«Тандем» юристтер бирикмесинин жетекчиси, юрист, Таттыбүбү Эргешбаева «мыйзам долбоор деструктивдүү жана [ Курултай] чындыгында эле Жогорку Кеңештин ордун баскан» деп эсептейт.
«Элдин атынан президент жана Жогорку Кеңеш сүйлөйт, — деп билдирген депутат Жанар Акаев парламенттин профилдик комитетинин жыйынында. — Эл өзү менин атымдан барып сен сүйлө деп укук берет. Он жана жүз миңдеген добуш алган адам [элдин атынан] уялбай сүйлөйт, моралдык жана мыйзамдуу да укугу бар. Шайлоого катышпай, бир дагы добуш албай туруп, анан мамлекеттин башкаруу саясатына аралашам деген логикага да сыйбайт. [...] Эми Элдик Курултай Конституцияда жазылып калган. Менин сунушум, макул Элдик Курултай өтсүн, келсин, президенттин кайрылуусун уксун жана жакшынакай үйлөрүнө тарап кетсин. Болду! Башка укукту аларга ким берди? Бир шайлоого катышып добуш албагандан кийин, ошолорду эмне аксакал элеңиз деп төргө отургузалыбы? Эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда биз [Жогорку Кеңеш] тарап эле кетишибиз керек», — деди Жанар Акаев.
Соңунда «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам Жогорку Кеңештин профилдик комитетинен да өткөн жок: депутаттар 2022-жылдын 17-майында четке кагышты. Бирок аткаруу бийлиги мыйзам долбоорун кароо комитеттин кийинки жыйынына жылдырылды деп башка риториканы айткан. Бирок андан бери парламент бул маселени караган жок. Президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев бул документ чакыртып алынып, парламентке жаңы мыйзам долбоору киргизилет деп айтты.
«Бул мыйзам долбоорунун кесиптештерим артка кайтарганын эки колум менен колдойм, — деген июнда депутат, парламенттин азыркы төрагасы Нурлан Шакиев. — [Документ менен Жогорку Кеңештин таасирин азайтууга аракети болгон]. Эгер мыйзам долбоорунун айрым беренелерин окуп көрсөң, [Элдик Курултайга] азыр парламентте жок болгон ыйгарым укуктар берилип жатат. Мисалы, алар бир эле учурда президенттин, минкабдын, парламенттин отчётун угат. Эгер кааласа бир министрди кызматынан алуу тууралуу сунуш берет. Анан жергиликтүү бийлик башчыларына чейин түшөт. Жергиликтүү курултайлар уюштурулат. Ошондой эле жергиликтүү курултайдын берген сунуштарын жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан милдеттүү түрдө каралат деп жазылып турат. Бул абсурд. Бул башмыйзамга каршы келет. Себеп дегенде, Конституцияда курултай байкоочу жана кеңеш берүүчү гана укукка ээ деп жазылып турат», — деди Шакиев.
Курултай басма-сөз жыйынды алмаштырабы?
Президент Садыр Жапаров менен Элдик Курултайды жактагандар Жогорку Кеңешти эч ким алмаштыргысы келген жок деп ишендиришүүдө.
«Эч кандай парламенттин ордун баспайт, — деп ишендирген Жапаров август айынын аягында “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде. — Жылына бир жолу чогулуп, өкмөттүн, парламенттин бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарын угуп, аткарылган иштер боюнча өздөрүнүн көз караштарын айтып, алдыдагы жасала турган иштер боюнча сунуштарын берип, кайра тарап кетип турушат. Эмне үчүн мындай кылып жатабыз? 30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат бердим. Бирок журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду. Экономикабыздын абалы кандай? Кантип көтөрсөк болот? Кайсы аймактарга жолдорду, кайсы аймактарга мектептерди, кайсы аймактарга завод-фабрикаларды салсак деген бир дагы демилге же сунуш жок. Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурдум. Интернет булактарынан кайталап көрүп чыксаңар болот. Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде Курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим».
Бийлик парламентти алмаштырууну көздөбөгөнүн саясат талдоочу Медет Түлегенов да айтат. Ал «Жогорку Кеңеш азыркы абалында президентти канааттандырат» деп белгилейт.
«Кол парламент, ийкемдүү, президентке саясат жургүзүүгө жолтоо болгон жок», — дейт ал.
Анткен менен курултайлар бийлик үчүн кошумча легитимдүүлүктүн куралы бойдон калууда. Президенттер аны колдоо жетишпей турган чакта массалык колдоо бар деген түр көрсөтүү үчүн колдонуп келишкен.
«Президенттин администрациясында жөн кишилер отурган жок»
«Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам депутаттар тарабынан кабыл алынбаганы менен, Садыр Жапаров болбой эле курултай чакыртууну чечкен. Бул үчүн Жапаров « Элдик Курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлык чыгарып, курултайды өткөрүүнү 2022-жылдын 25-ноябрына белгилеген. Ошондой эле өлкө башчынын жарлыгы Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо менен бекемделген.
Бирок, юристтер курултайды президент чакырышын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамсыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен.
«Бул жарлык антиконституциялык [...] Президенттин конституциялык мыйзамды камтыган жарлыктарды чыгарууга укугу жок. Ал эми “Укуктук-ченемдик актыларга” ылайык, жарлыктар иерархия боюнча мыйзамдардан жана конституциялык мыйзамдардан ылдый турат», — деди юрист Таттыбүбү Эргешбаева.
Бирок президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирүүдө. Мекемеден Конституциянын өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын жарлык жана жоболор менен ишке ашыраары, алар «аткарылууга тийиш» деп жазылган 71-беренеге таянып жатышат. Ошондой эле, баш мыйзамга ылайык, президент жыл сайын Элдик Курултайга кайрылаарын кошумчалашты. Азырынча Курултай жөнүндө конституциялык мыйзам кабыл алына элек, Жапаров жарлыгы менен «биринчи курултайды чакыруу жолу менен Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү убактылуу жобону бекиткен».
Азырынча, бул тартышта акыркы аргумент президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин айткандары болуп жатат. Ал «Азаттык» радиосунун эфиринде сүйлөп жатып, Элдик Курултайды чакыруунун мыйзамсыздыгына жооп кылып президенттин администрациясында дагы «өтө билимдүү, укук талаасында илимдин доктору болгон, илимдин кандидаты болгон канча бир жылдардан бери юридикалык тармакта иштеп келаткан, канча бир конституцияларды жазган кишилер бар экенин» айтып коргонгон.
Бишкек аймактагылардын үнүн угабы
5-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү коомдордун курултайы өттү. Ал өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек менен Ошто, ошондой эле чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын арасында өттү.
Жергиликтүү жамааттардын курултайларынын делегаттары биринчи элдик курултайда добуш берүү менен делегаттарды шайлашты. Элдик Курултайдын талкуусунда өлкөнү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча талкуулана турчу негизги маселелер бекитилди», — деп ошондо билдиришкен президенттин басма сөз кызматы.
25-ноябрда боло турган Элдик Курултайга болгону 1074 делегат: 1036 – административдик-аймактык бирдиктен, 28 — чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан жана 10у — диний конфессиядан катышат.
Бийлик Элдик Курултай бардык кыргызстандыктар үчүн аянтча болот жана анда эч кимге чектөө коюлбайт деп айтып жатат: бардык делегаттар өз оюн айта алышат.
«Элдин үнүн жылына бир жолу угуп коюу — бул эл менен бийлик ортосундагы байланышты бекемдейт. Мына 100-200дүн тегерегиндеги саясатчылар эле Бишкекте кайнай беребиз. Бири-бирибиз менен айтышып, тартыша беребиз. Анда Баткендин Зардалысындагы адамдар эмнени ойлонуп жатат? Эмне айткысы келет? Бирок көп учурда аларга маани бербей калалабыз. Мына курултай ошон үчүн керек», — дейт президенттин кеңешчиси Абыкеев.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров 25-ноябрда айтканына караганда, «Бийликтин бардык бутактары бир жылда жасалган иштери жөнүндө жалпы элге маалымат берет».
«Мындан ары кандай гана Курултай болбосун, мурдагыдай “дежур курултай” болбойт. Эл шайлаган делегаттар, келгиле. Ачык айтып, ак сүйлөп, сунушуңарды бергиле», — деп айткан президент.
«Бийликти мактап тарап кетишет»
Бирок Элдик Курултайдын натыйжалуугунан күмөн санагандар дагы бар.
«Элестетип көрөлү, Курултай 2 күн катары менен 10 саатка созулат. Эгер ар бир делегатка 2 мүнөттөн убакыт берилсе, 600 делегат сөз сүйлөйт. Бирок андай болбойт го? [...] Миңдин ичинен эң эле көп дегенде 150 делегат сүйлөйт, 50 делегаттан кийин кызыксыз болуп калат, уга тургандар деле калбай калат. Чыгып сүйлөгөндү токтоткула дей башташат. Бул миңдеген адамдын жыйынга чогулуу тажрыйбасы.
Коом менен диалог керек, бирок башка, абдан натыйжалуу жолдору бар», — деп эсептейт Дастан Бекешев.
Эл өкүлү президентти УТРКнын түз эфиринен чыгып телефондон жана соцтүйүндөрдөн келген суроолорго жооп беришин сунуштайт. Анын айтымында, бул натыйжалуу жана ар ай сайын отчёт берсе дагы болот.
Тарыхчы Чоробек Сааданбек да президент элдин суроолоруна соцтүйүндөр аркылуу жооп бере алмак дейт.
«Азыркы президент интернет технологияларын эң мыкты өздөштүргөн. Мисалы буга чейинки президентибиз [Cооронбай] Жээнбеков санариптештирүү деп айтып эле эч нерсе кылбай келген болсо, бул президентибиз [Жапаров] абакта жатканда соцтүйүндөрдү колдонуп элди ынандырып бийликке келе алган», — деп белгилейт ал.
Сааданбек 25-ноябрдагы Элдик Курултай кандай өтөрүн элестетүү кыйын экенин танбайт.
«Салыштырып айтсак, СССРдин тушунда делегаттарды — райондук, шаардык жана облустук делегаттарды шайлап алып келип, күпүлдөп сүйлөп анан телевизордон өлтүрө мактап туруп тарап кеткендей элес калтырып жатат. Бөлөкчө кантип болот мен такыр түшүнгөн жокмун», — деди ал.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева өлкөнүн булуң-бурчундагы элдин үнүн президентке Жогорку Кеңеш менен облустардагы өкүлчүлүктөр толук жеткире алат деп эсептейт.
Саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикиринде, Элдик Курултай президентке өзүнө ыңгайлуу убакытта элдин алдында отчёт берүүгө жардам берет.
«Менимче, бул кандайдыр жол менен отчёт берүү үчүн керектелүүчү пиар-ыкма. Элге жөн эле кайрылуу кылуу анча формалдуу эмес, кургак жана анчейин түшүнүксүз болуп калмак. Ал эми курултай жолу менен массалык шоу уюштурса болот», — деп божомолдоду ал.