ТИМ: Стамбулдагы жардырууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Полиция кызматкерлери белгисиз адамдын сөөгүн жүктөп жатышат, Түркия, 13-ноябрь, 2022-жыл. Сүрөт: Кемаль Аслан/Reuters

Түркиянын Стамбул шаарындагы Истиклал көчөсүндөгү жардырууда көз жумгандар менен жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу 14-ноябрда Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

ТИМден Кыргызстандын Стамбул шаарындагы консулдугу түрк бийлиги менен байланышта экенин кошумчалашты. Акыркы маалыматтар боюнча, жардырууда 6 киши каза таап, 81 киши жабыркаган.

13-ноябрда Стамбулдун Бейоглу районундагы эл көп жүргөн Истиклал көчөсүндө жарылуу болгон. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жардырууну «террордук чабуул» деп атады.

«Түркияны жана түрк улутун террор аркылуу басып алуу аракети кечээгидей эле бүгүн да, эртең да максатына жетпейт» , — деп билдирди Эрдоган.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу жардырган киши укук коргоо органдары тарабынан кармалганын билдирди. Окуя боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Шахтадагы жарылуу». Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты