«Шахтадагы жарылуу». Президент Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга жана көмүр шахтасындагы жарылууда каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. 14-октябрда Түркиянын Бартын шаарындагы шахтада жарылуу болуп, 40тай адам каза болгон.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жапаров кырсыкта жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетүүнү каалады.

«Көмүр шахтысындагы жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам», — деп айтылат өлкө башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

14-октябрдын кечинде Түркиянын Бартын шаарындагы көмүр шахтасында жарылуу болуп, анда каза болгондордун саны 40 кишиге жеткен. Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, шахтада жалпысынан 110 кенчи болгон, жарылуудан кийин 58и куткарылган.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез жарылуу шахтадагы өрттөн улам болгонун билдирген.

Бартын шаары Түркиянын баш калаасы Анкарадан 328 чакырым алыстыкта жайгашкан.