Юстиция министрлиги ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамдын долбооруна терс корутунду чыгарды

Юстиция министрлиги президенттин администрациясы демилгелеген ЖМК жөнүндөгү жаңы мыйзамдын долбооруна терс корутунду чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы мекеменин басма сөз кызматына таянып жазды.

Юстиция министрлигинен корутунду тууралуу толук маалымат беришкен жок, бирок ал эмне себептен терс экенин эксперттер кийинчерек түшүндүрүп беришерин билдиришти.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамынын өзүнө таандык версиясын сентябрдын аягында коомдук талкууга алып чыккан.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.

Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген. Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган!

Тема боюнча:

Ооз жапмай. ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам цензурага алып барат