«Бутум басып жүргөндө кылбаган ишти, азыр кылам». Нарындык аял майыптыгы бар адамдар үчүн фонд ачты

57 жаштагы Какен Эгимбаева Нарында жашайт. Мындан алты жыл мурун автокырсыкка учурап, эки буту баспай калган. Ошол каргашалуу окуядан кийин жашоосу таптакыр өзгөргөн: өз акыбалын кабыл алганга чейин оор депрессияны башынан кечирген.

Эгимбаева 2020-жылы фонд ачып, майыптыгы бар адамдарга жардам берип келет. Келечекте аларга шарты бар үй бөлдүртүп берүүнү эңсейт.

«Мурун өлгүм келсе, азыр жашагым келет. Себеби, мен мурун жасай албаган, бутум басып жүргөндө кыла албаган иштеримди азыр кылып жатам», — дейт Эгимбаева.