Жогорку Кеңештин төрагасы ЖМКлар «терс көрүнүштөрдү байма-бай чагылдырат» деп нааразы болду

Нурланбек Шакиев

Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев ЖМК жөнүндөгү мыйзамды талкуулоо үчүн уюштурулган тегерек столдо өлкөдөгү басылмалар коомдогу терс көрүнүштөрдү «байма-бай чагылдырарын» айтып нааразы болду. Шакиевдин бул сөзүн депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров жана Дастан Бекешев сынга алышты.

Шакиев өлкөдөгү басылмаларда «дээрлик 90% негатив маалымат» чагылдырылат дейт.

«Мен эмне үчүн ушундай болуп жатат деп сурасам, “эгерде биз позитивди жазсак, көрүү жок, окулбайт” дешет [...] Албетте, терс көрүнүштөр дагы жазылышы керек, ошону менен катар позитив дагы болушу керек, керек болсо позитив көбүрөөк болушу керек», — деди спикер.

Ал эми депутат Жанар Акаев тескерисинче позитивдүү маалыматтар «бардык эле басылмаларда жазылып жатканын» белгиледи.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров массалык маалымат каражаттарынын бирден-бир милдети — элге маалыматты жеткирүү экенин айтты.

«Бир азаматтар “позитивди көбүрөөк жазсаңыздар” деп айтып кетти. Мисалы, “айлык көбөйдү” — позитивби? Позитив. “Атаңдын көрү, айлыкты карыз алып көбөйтүптүр” — негативби? Негатив да. Факт да бул. Маселе журналистте эмес, ошол маалыматты кабыл алган инсанда. “Баткенге 3 миллиард сом бөлүндү” — позитивби? А эмне үчүн бөлүндү? “Талкаланып калганы үчүн” — позитивби, негативби? Бул да факт [...] Массалык маалымат каражаттарынын бирден-бир аткара турган милдети — элге маалыматты жеткирүү, ошол маалыматты түшүндүрүп берүү», — деп белгиледи Мадумаров.

Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев өлкөнүн өнүгүшү үчүн «мамлекеттик бюджетти пайдаланууда сөз эркиндигинин орду маанилүү экенин белгиледи.

«Ойлонгон адам дайыма бир нерседен шектенет, бир нерсени сындайт, бул нормалдуу көрүнүш. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө сөз эркиндиги бааланат», — деди депутат.

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамынын өзүнө таандык версиясын сентябрдын аягында коомдук талкууга алып чыккан.

Эгер документ кабыл алынса, өлкөдө иштеп жаткан ЖМКнын кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) эки ай гана убактысы болот. 2023-жылдын 1-апрелине чейин кайра каттоодон өтүүгө (же катталууга) үлгүрбөгөн басылмалар автоматтык түрдө жоюлат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде президенттин администрациясы ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам «моралдык жактан эскиргени», ал эми жаңысы — «боштуктарды» жоюп, «ЖМКны санарип телекоммуникациялык тармактарда, анын ичинде “Интернет” түйүндөрүндө жөнгө сала баштоону» максат кылат дейт.

Колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурда кабыл алынганы чын. Бирок, Медиа Полиси Институтунун эксперттеринин пикиринде, жаңы мыйзам долбоорунун пайда болушу азыркысынын эскиргендигине байланыштуу эмес. Эксперттер президенттик аппарат жаңы мыйзамдын жардамы менен «бийликке жакпаган веб-сайттарды жоюуну» каалайт деп эсептешет.

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген.

Юристтердин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Андан тышкары, «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине, ал тургай, катаал дагы экенине ынанган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эдил Байсалов жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын элин «стресске түшүрдү» деп айыптады

Акылбек Жапаров: «Суук кабарлар» туризмге зыянын тийгизет