Эдил Байсалов жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын элин «стресске түшүрдү» деп айыптады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов айрым ЖМКды «күн сайын жана саат сайын» бүлкүл Кыргызстанды «стресске түшүрүп, маалыматтык террор» кылып жатат деп айыптады. Мындай пикирин ал өзүнүн 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча айтканына комментарий берип жатып, 24.kg басылмасына айтты.

Буга чейин Байсалов Твиттер барагына өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча маалыматка «муну жазып кайгыны жайылтуунун эмне кереги бар?» деген комментарий жазып, ойлонуп отурган быйтыкча да кошуп койгон. Байсаловдун жазганы соцтармак колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан.

Байсалов болуп өткөн кылмыш иши аны да «ачуулантканын», бирок аталган билдирүүдө «өлкөдөгү маалыматтык гигиена» тууралуу сөз кылганын айтты.

«Бизде эки-үч ЖМКнын башкы редакторлору күн сайын жана саат сайын элди стресске, маалыматтык террорго салып турат. Дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө, бүтүндөй өлкөнү кыжырдануу, нааразычылык, коркуу жана жек көрүүго сүңгүткөн көрүнүш жок» , — деп билдирди ал.

Анын айтымында, жайлоодо адамдар интернетти ачкысы келбей калганын, жалаң негатив маалыматка толуп калганын айтышууда.

«Мен талкуулаган конкреттүү бир учурду айткан жокмун, мында жалпы эле ЖМКнын маалыматтык саясаты тууралуу сөз болуп жатат [...] Редакторлор биринчи бетке эмне жарыяланат, ортосунда кандай маалымат болот, ал эми эң акыркы бетке, кайсы маалымат майда тамгалар менен жазылышы керек экенин түшүнүшү керек. Биз бул нерсеге көңүл бурабыз, анткени, акыр аягы биз элдин маанайына, маалыматтык коопсуздугуна жооп беребиз. Биз калкты дайыма бактысыз кылууга болгон аракеттерден коргойбуз. Кимдир бирөө кесиптик компетенциясы жетишсиз болгондуктан ушундай кылышы мүмкүн, башка бирөө кликтер көп болушу үчүн, дагы башкасы болсо өзүнүн жашоосу жакшы болгон эмес жана калган алты миллион калк дагы кыйналып, бирин-бири жек көрүшүн каалайт», — деди Байсалов.

Ошол учурда Байсалов «зомбулук фактыларына көз жумуп, бул боюнча ЖМКга жазбай коюу» туура эместигин белгиледи. Бирок, анын айтымында, ЖМК өзүнүн элдин маанайына таасир эте алган бийлигин толук түшүнө элек.

13 жаштагы кыздын зордукталышы

Февралдын аягында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери кармалган. Бул ишке жалпы төрт киши айыпталып жатат. Бир күн мурда ЖМКда бул иштин таржымалы чыгып, кыз дээрлик жарым жыл бою зордукталып жүргөнү белгилүү болду.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу сот жообуна тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официант балага карата козголгон иш териштирилип, иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулап жатат.

Тема боюнча: Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

«13 жаштагы кызды зордуктоо иши». Дагы бир милиция кызматкери кармалды