Акылбек Жапаров: «Суук кабарлар» туризмге зыянын тийгизет

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 5-июлда айрым журналисттерди жана блогерлерди борбор калаадагы «Дасмия» ресторанына чогултуп, бейформал жолугушуу өткөрдү. Аталган жолугушууда Жапаров өкмөттүн пландарынан тышкары ЖМКнын иши, тагыраагы, суук кабарлар тууралуу да айтты.

Жапаров өз сөзүндө, «суук кабарлар» туризмге терс таасирин тийгизип жатканын айтып, эки милиционер тарабынан зордукталып жүргөн өспүрүм кыздын окуясын мисал келтирди.

Жапаров орус тилдүү сайттарды казакстандык жана орусиялык туристтер окуй турганын, алар «суук кабарлары» угуп алып башка өлкөлөргө кетип жатканын баса белгиледи. Ал мындай кылмыштар туристтерди чочутуп жатканын айтпаганы менен аларды чагылдыруу маселесине гана токтолду.

Кызыгы Жапаров 2018-жылы «Бир-Бол» фракциясынан депутат болуп турган кездеги сөзүн кайталады. Анда ал интернетте таптакыр эле орус тилинде терс жаңылыктарды жарыялоого тыюу салуу керектигин айткан болчу.

Ошол убактагы сөзүндө Жапаров Грузияны мисал кылып, ал жакка барган сапарында бир да жаман жаңылык окубаганын билдирген.

«Көрсө, 2004-жылы Грузиянын президенти элге кайрылып, “Жаман жаңылыктар грузин тилинде, жакшы жаңылыктар орус жана англис тилинде жазылсын” деген экен», — деп билдирген Жапаров.

Мурдагыдай эле Жапаров 92 жаштагы кемпирдин зордукталышы боюнча жаңылыкты мисал келтирди.

«92 жаштагы кемпир зордукталган деген жаңылык бар. Ал дагы бир жума көңүл чордонунда болот. Ошондуктан министр кайрылуу жасашы керек. Биз жаманды жашырып, жакшыны ашырышыбыз керек. Бул кыргыздын салтында да бар, биз ошону колдонушубуз керек», — деп кошумчалады ал.