Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети 16-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуунун долбоорлорун жактырды.
Документтерди талкуулоо учурунда депутат Чыңгыз Айдарбеков макулдашууга Кемпир-Абаддан тышкары дагы үч суу ресурсу, Орто-Токой суу сактагычы, Гавасай дайрасы жана Чечме булагы кошулганын билдирди.
«Кыргызстан Гавасай дарыясынын табигый агымына тоскоол боло турган кандайдыр бир гидротехникалык жана башка курулмаларды курбоого, ошондой эле, Гавасай дарыясында сууну техникалык булганышына жол бербөөгө милдеттендирилет. Эмнеге биз ушундай милдеттендирмелерди алып жатабыз өз мойнубузга? Андан кийин, 8-беренеде, бул участок жөнгө салынганга чейин келишим түзүүчү жогорку тараптар Чечме булагын биргелешип пайдалануу боюнча өзүнчө өкмөттөр аралык макулдашууну түзүү тууралуу макулдашты. Бул жакта тамгалар өтө кичинекей, ошондуктан, окууга өтө кыйын. Атайын ушундай жасап атат менимче», — деди Айдарбеков.
Кыргызстан менен Өзбекстан Чечмени башкаруу боюнча өзүнчө макулдашуу кабыл алганы жатканын минкабдын чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев дагы айткан болчу. Буга чейин аталган булак далай жолу чек арага жакын айыл тургундарынын чырларына себеп болуп келген, анткени ал жерден көп жылдан бери кыргызстандыктар да, өзбекстандыктар да суу алышат.
Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаевдин айтымында, суу сактагыч 2017-жылдагы макулдашууга кошулган, ал жерде Кыргызстан менен Өзбекстан эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын бир топ бөлүгүн аныкташкан. Ал аталган объект толугу менен Кыргызстандын юрисдикциясында калып жатканын белгиледи. 2017-жылдагы келишимге ылайык, суу сактагычты көзөмөлдөө жана күзөтүү Кыргызстанга өткөн, бирок Өзбекстан андагы суунун 90%ын объекттин ишин камсыздоо чыгымдарын өзү көтөрүп пайдаланып жатат.
Гавасай боюнча Мырзаев «мындай чечимди комиссия кабыл алганын» айтып жооп берди.
Айдарбеков аталган чечимди «туура эмес» деп эсептерин айтты. Эл өкүлү Кыргызстан бул макулдашуулар боюнча эмнеге шашып жатканын түшүнбөй жатканын билдирди. Анын пикиринде, депутаттар бул маселени кеңири карап чыгышы керек болчу.
Депутат тажик-өзбек чек арасындагы Фархад суу сактагычы боюнча келишимди мисал келтирди. Тажикстандын аймагында жайгашкан аталган суу сактагыч 49 жылга өзгөчө макам алган: Тажикстан көзөмөл кылат, ал эми башкаруу Өзбекстандын колунда.
«Азыркы убакытта дүйнөдө углеводород эмес, суу маанилүү. Эң ыйык нерсе. Биз сууну берип атабыз. Ошондуктан башка тарап [Өзбекстан — ред.] биз стратегиялык максатка жеттик деп айтып атат», — деп жыйынтыктады сөзүн Айдарбеков.
Парламенттин профилдик комитетинин кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну жактырганы сунуштама мүнөзгө ээ. Макулдашуулар маселеси боюнча акыркы чечим Жогорку Кеңеште кабыл алынат — депутаттар аталган документтерди ратификациялоо керекпи же жокпу чечишет.
Ал арада, 14-ноябрда, Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Кыргызстан менен чек ара боюнча макулдашууну жактырганы маалым болгон.
Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар
«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө келишимдин» долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.
Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда.
Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.
Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.
Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.