Өзбек парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Кыргызстан менен чек арасы боюнча макулдашууну жактырды

Өзбекстандын парламентинин мыйзам чыгаруу палатасы Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп алуу маселесин кошуп кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым тилкелер боюнча макулдашууну жактырды. Бул тууралуу өзбек парламентинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Акыркы жылдары ынак коңшуларыбыз менен чын дилден диалогго отурдук. Бул өз кезегинде региондогу ынак коңшулук жана боордош өлкөлөрдүн мындан аркы өнүгүүсүнө жана мамилелердин бекемделиши үчүн чоң мааниге ээ», — деп айтылат парламенттин билдирүүсүндө.

«Азаттык» радиосунун маалыматына ылайык, макулдашууну дароо үч окууда 100 депутат колдогон. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун айтымында, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр «оңойго турган эмес», келишимге жетүү үчүн беш жыл убакыт кеткен. Өзбекстандын парламенти Мыйзам чыгаруучу (төмөнкү) палатадан жана Сенат (жогорку палатадан) турат. Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эки палата тең карай турган маселелерге эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денансациялоо функциясы кирет. Алгач бул маселелер Мыйзам чыгаруу палатасында, андан соң Сенатта каралат.

Кыргызстандын парламентинин тармактык комитети чек ара макулдашуусун 15-ноябрда карайт.

Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштыр

«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө келишимдин» долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик 30 кишини массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүүгө айыптап кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө берип жатканы үчүн сындашкан.

Жапаров активист жана саясатчылардын массалык кармалышына комментарий берип жатып, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбай турганын» айткан. Президент алар суу сактагыч маселесин бийликке келүү үчүн пайдаланып жатышат деген.