Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди

Оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүнү шарттаган документтерди сындап чыкты.

Ал келишимди ратификациядан өткөрүү үчүн Конституциялык соттун чечими керектигин билдирди.

Юстиция министри Аяз Баетов ал сөзсүз эмес деп жооп берди.

«[Андай ченем] азыркы регламентте бар болсо, ал мурункуда [регламентте] да бар болчу. Сиздер ай сайын канчалаган келишимди ратификациядан өткөрөсүздөр? Конституциялык сот ар бир келген келишимге корутунду бербейт. Конституциялык сот боюнча мыйзам бар. Анда Конституциялык сот анык эмес жана кайрылуу болгондо гана бүтүм берет деп айтылат», — деди аткаминер.

Мадумаров муну сабатсыздык деп атап, документтин демилгечиси минкаб болгондуктан парламент Конституциялык сотко кайрыла алмак эмес деп кошумчалады.

«Биз биринчи жолу карап атабыз мамлекеттик чек ара жөнүндө. [...] Экинчиден, мыйзамсыз. Азыр карап атканыбыз мыйзамсыз. Миң жолу кыйкырам; мыйзамсыз! Бул заман өтөт, башка бийлик келет. Сөзсүз түрдө ушуну караганда меники чындык экенин, депутаттардыкы чындык экенин кийин миң пайыз колдойт. Себеп: мыйзамсыз. Мына муну колу-бутту бурап, тийиштүү мыйзамды кабыл алдыруу деп эсептелет», — деди эл өкүлү.

Ал ортодо сөзгө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аралашып, бүгүнкү бийлик өз аракеттери үчүн жооп берүүгө даяр экенин жана мамлекетти коргоп жатканын айтты.

«Мамлекеттин кызыкчылыгын мындан ары дагы коргойбуз. Эч ким жоопкерчиликтен качкан жок. Башка бийлик келгенде көрөбүз, Кудайдын пешенеге жазганын көрөбүз. Биз мыйзамдын чегинде элибиздин, журтубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн баратабыз», — деп белгиледи ал.

Ал арада депутаттын сынына Садыр Жапаров дагы жооп берүүнү чечип, Аяз Баетовго болушту.«Бул министр сизден сабаттуулугу жагынан эч кем калбайт, ашса ашып кетет. Үч тилде эркин сүйлөйт: англисче, орусча, кыргызча. 30 жылданбери ала албай, ушул залда канча кыйкырыктар, кызыл чеке мушташ болуп келген Кумтөрдү алууда опол-тоодой салым кошту. Эл аралык юридикалык маселелерде да [салым кошту]. Түнкү саат 3тө ойготуп туруп, Конституция, мыйзамдарды сурасаңыз айтып берет», — деди президент.

Жапаров Лейлек менен Ворухтун ортосундагы жерди бейтарап кылууну каалап жатышканын билдирди.

«Мурда “сабаттуулар” берип жиберген жерлерди биз “сабатсыздар” кайтарып алып келип атабыз. Мына азыр Камчыбек Кыдыршаевич докладынан да, менин айткан сөздөрүмдөн дагы ынандыңыздар, урматтуу депутаттар. Мына сиз берип жиберген, Төрт-Көчө боюнча протоколго кол коюп жиберген, аны айтып жатпайбы, мыйзамсыз, [...] деп, а бирок тигил тарап барбайт экен аны менен. Мына деп эле [документти] көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанадан дагы, үч тараптуу жолугушууда дагы көрсөттү. Мына минтип кол коюп берип коюп эле, аткара бербейт деп. Андан бери, мына, эки жолу сүйлөшүп келди Камчыбек Кыдыршаевич, кечээ жакында биз кайра кайтарып аны, нейтралдуу статус-кво бердирип атабыз, ошого макул кылдык. Сеники да эмес, меники да эмес болсун андай болсо деп. Эгерде мындан кийин эле дагы айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак, биз Лейлекке түз өтөбүз, сен Хожаи Аъло менен Ворухка түз өтөсүң деп. Ортодо нейтралдуу зона болот деп, бир канча чарчы метр жер, ортодогу үйлөр алынат. Тажикстан тараптан 20га жакын үй алынат. Бизден 3-4 үй алынып кетип атат. Мына ушундай иштерди жасап атабыз. Анан эми бири-бирибизди жөн эле, дайыны жок күнөөлөй бербейли», — деди ал.

Кемпир-Абад боюнча талаш-тартыштар

«Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жөнүндө келишимдин» долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.

Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев бул макулдашуу өлкө үчүн утуштуу деп айтышууда.

Анткен менен жергиликтүү тургундар менен айрым саясатчылар каршы чыгып жатышат. Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз деп кооптонушууда.

Келишимди ратификациядан өткөрүү жана талкуулоо процесси чуу менен коштолуп жатат — буга чейин депутаттар кесиптеши Чыңгыз Айдарбековду парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин башчылыгынан алышкан. Ал келишимдин долбооруна каршы чыгып, комитеттин чечимине кол коюудан баш таркан. Муну ал депутаттардын колуна бардык документтер берилбегени менен түшүндүргөн.

Жалпылап айтканда талкууланып жаткан документтерге байланыштуу суу сактагыч жайгашкан Ош облусунун өзүн да жана өлкөнүн эки ири шаары — Бишкек жана Ошто митинг жана курултайлар өткөн.

Ошондой эле бийлик массалык башаламандык уюштурууга айыптап дээрлик 30 адамды кармаган. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.