УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда парламентте Кыргызстанда чет өлкөдөн каржыланган деструктивдүү күчтөр бар экенин билдирди. Бул тууралуу Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну талкууланып жатканда айтты. Депутаттар бүгүн аталган документтер боюнча чечим кабыл алуу керекпи-жокпу чечиши керек.
Жыйында Ташиев анда Кемпир-Абад суу сактагычтын айланасында жайгашкан беш айылдык кеңештин каты бар экенин билдирди. Ташиев бардык айылдардын жергиликтүү тургундары макулдашууну колдоду деп ишендирип жатат.
Документке ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат. Буга нааразы жергиликтүү тургундар бир нече жолу митингге чыгышкан. Ушундай эле митингдер өлкөнүн эки ири шаары, Бишкек жана Ошто да өткөн.
«Ал эми ал жерде бир нече ондогон, балким жүздөгөн адамдарды алып чыгып алып эле жөө жүрүштү уюштурушуп, сатып жиберди эле сатып жиберди, атып жиберди, атып жиберди деп жаман сөздөрдү айттыргандар, булар дал ошол провакаторлор. Алар үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы келишимди үзгүлтүккө учуратуу үчүн эле [ушинтип жатышат]. Андан кийин жанакы темир жол боюнча келишимди үзгүлтүккө учуратуу. Андан кийин дагы ушинтиш керек, Кыргызстан ушинтип ызы-чуудан башы чыкпай отура бериши керек [экен]. Ушундайды каалаган деструктивдүү күчтөр Кыргызстанда бар. Жана аларды каржылап тургандар, башка жактардан, чет өлкөлөрдөн, алар дагы бар. Аны дагы ачык айтып коюшум керек. Алардын баарынын тамырын азыр кыркып атабыз. Мамлекетке пайдалуубу, бул чечимди биз кабыл алабыз. Мына төрт айыл өкмөттүн [Кемпир-Абаддын айланасындагы] депутаттарынын чыгарып берген чечимдери», — деди Ташиев.
Элди дүрбөткөн күчтөр
Кызыгы, бийлик өлкөгө кандайдыр бир жамандык кылып же жамандык кылышы мүмкүн кайсыл бир күчтөр тууралуу биринчи эле жолу айтып жаткан жок.
Апрелде президент Садыр Жапаров «элди дүрбөткөн» кайсыл бир күчтөрдөн аны «тынч иштетүүнү» суранган. Бул билдүүсүн президент президенттин администрациясы үчүн жаңы имарат куруу пландарын сынга алуунун шартында жасаган.
28-февралда Жапаров азык-түлүк баасы өсүп, доллардын курсу олку-солку болуп жаткан шартта «бул кыйынчылыктардан пайдаланып, элибиздин ынтымагын бузуп, баш аламандыкты, араздашууну көздөгөн» күчтөр чыгышы мүмкүн деген.
Былтыр ноябрь айында президент айрым саясатчылар куралдуу төңкөрүш пландап жатканын билдирген. Анда президент бийлик алар кимдер экенин билет, алар парламенттик шайлоодон кийин кармалат деп айткан.
Президент өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар тууралуу дагы оюн айткан. Ал алардын кээ бир «ашыкча саясатташып кеткен» деген.
«Бизде саясий коопсуздук жараткан маселелерди [бейөкмөт уюмдар] ушул чөйрөдөн көрө алабыз […] Мамлекет жана жарандык коом өзүбүз тыгыз байланышып, өлкөнү өнүктүрүү боюнча өнөктөш катарында бирдиктүү чечим кабыл алышыбыз керек. Ал эми мамлекеттүүлүккө жана саясий коопсуздукка зыян алып келе турган бейөкмөт уюмдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт», — деген ал 2021-жылдын октябрында.
Өткөн жылдын ноябрында энергетикалык кризистин шартында «бийликте эле эмес, элдин арасында да душмандары көп экенин» айткан. Бул сөзү менен президент ошол жылы көмүр кеч казыла баштаганына байланыштуу жагдайга комментарий берген. Ал көмүргө байланыштуу жагдайды «саботаж» деп атаган.