Укук коргоочуну күчтөп кармап кеткен полковник Тюкебаевдин уулу камактан бошотулду

Пара алууга шектелип кармалган Каракол РИИБдин тергөөчүсү Баатырбек Тюкебаев (шаардык милицинын башчысынны орун басары Тилек Тюкебаевдин уулу — ред.) үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы Ысык-Көл облустук сотуна таянып жазды.

Алардын маалыматына ылайык, тергөөчүнүн иши Каракол шаардык сотуна өткөн. Иш каралып жатат.

Баатырбек Тюкебаев 2022-жылдын февралында пара опузалоого шектелип кармалган. Ал камакка алынып, Ысык-Көл ОИИБи Тюкебаев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилгенин билдиришкен.

Атасы — Тилек Тюкебаев — Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары. Тилек Тюкебаев эки күн мурда, 15-ноябрда Ак үйдүн алдынан укук коргоочу Азиза Абдирасулованы күч колдонуп кармап кеткени менен белгилүү. Ошондой эле Тюкебаев мурдараак аялдардын укугу үчүн жана «Путинизмге» каршы тынчтык митингдеринин катышуучуларын кармоо иш-чарасын жетектеген.