Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгы катталып, алты киши каза болду

Бишкек — Ош унаа жолунун Капчыгай тилкесинде оор жүк ташыган «Скания» менен «Форд Транзит» үлгүсүндөгү кичи автобус кагышып, алты киши каза болду.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына ылайык, окуя 19-ноябрда саат 10:00 чамасында болгон. Анда кичи автобус каршы тилкеге ​​чыгып кетип, натыйжада оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен беш адам жеринде каза болуп, автобустун айдоочусу ооруканага жеткирилген, бирок эсине келбей каза болгон.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болгон, анын 79у жаш балдар.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөрдүн катышуусунда 1 379 жол кырсыгы катталып, 79 бала каза болгон. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 4,8%га төмөн — былтыр 9 айда 83 өспүрүм каза болгон.

Тема боюнча:

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды