БУУ Кыргызстан жакырчылыктан чыгышы үчүн 105 миллион доллар бөлөт

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстан жакырчылыктан чыгышы үчүн 105 миллион АКШ доллар бөлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрда министр Кудайберген Базарбаев Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын экинчи сессиясында жакырчылыктан чыгуу чаралары жана аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр БУУнун Германия, Жапония, Кытай жана Орусиядагы өкүлдөрү менен жолукту.

Жыйында кабыл алынган 2023-2027-жылга чейинки стратегиялык планга ылайык, жакырчылыкты жоюу жана азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча программаларды ишке ашырууга Кыргызстан 90 миллон АКШ доллар өлчөмүндө колдоо ала турган болду.

Мындан сырткары, дагы 15 миллион АКШ доллар жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого берилет.

Жакырчылыктын деңгээли

Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосуна ылайык, өлкө боюнча жакырчылыктын деңгээли 2021-жылы 33,3%ды түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу жакырчылыктын деңгээли 8%га өскөн.

2021-жылы 2 млн 244 миң адам жакырчылыктын чегинде жашаган, алардын ичинен 62,7%ы — айыл тургундары. Муну менен бирге 17 жашка чейинки балдардын 40,5%ы же 1 млн 72 миң бала кедейчилик шартында жашаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмгек министрлиги: Бишкекке аз камсыз үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн 35 млн сом бөлүндү