Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Садыр Жапаров 21-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Билдирүүдө президент Жапаров кесиптеши Токаевдин жеңишин «казак элинин колдоосу менен ишениминин маанилүү көрсөткүчү» экенин белгилегени айтылат.

«Шайлоонун жыйынтыгы Касым-Жомарт Токаевдин жаңы мамлекетти курууга, экономикалык өсүштү камсыз кылууга жана казак элинин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган саясий багытын колдоорун тастыктады», — деп билдирген Жапаров.

Аны менен катар ал казак президентине ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми казак элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Мындан тышкары, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында Бишкекте өткөрүлө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына карата даярдыктарды талкуулашты.

Казакстандагы президенттик шайлоо жана Токаевдин жеңиши

20-ноябрда Казакстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Өлкөнүн БШКсынын алдын ала маалыматы боюнча, өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,3% добушуна ээ болду. Шайлоочулардын катышуусу — 69,4% же 8,2 млн киши.

Экинчи орунду «баарына каршы» графасы ээледи — ага 460 миң казакстандык же шайлоочулардын 5,8%ы добуш берген. Калган талапкерлер 2-3% упай топтошту.

Алардын арасында Астана маслихатынын (жергиликтүү мыйзам чыгаруу органы) депутаты Каракат Абден, Улуттук социал-демократиялык партиянын өкүлү Нурлан Ауесбаев, Казак фермерлери ассоциациясынын жетекчиси Жигули Дайрабаев, экономист Мейрам Кажыкен жана укук коргоочу Салтанат Турсынбековалар бар.

Токаевдин атаандаштарынын жеңишине эч ким ишенген эмес, социологдор Токаевдин 80%дан ашык добуш топтоорун айтышкан. Ал эми калган талапкерлерди «тил алчак жана эч кимди кызыктырбаган» деп аташкан.

Президенттин атаандаштарынын экөөсү — бийликке лоялдуу партиялардан, үчүнчүсү — дыйкандардын ишенимдүү жамаатынан, дагы экөө — жарандык коомдун партиясыз өкүлдөрү.

Шайлоо көз карандысыз байкоочулардын шайлоо процессинин бузулушу жана активисттердин кармалышы боюнча даттанууларынын фонунда өттү. 20-ноябрь күнү түштөн кийин Алматыда полиция 30дай адамды кармап кеткен.

Казакстандын БШКсы «расмий түрдө эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес» деп ишендирүүдө.