Сузакта киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын жакындары акцияга чыкты

Сүрөт: Талгат Абжалил уулу/Azattyk

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сасык-Булак айылында киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын жакындары чогулушту. Бул тууралуу «Азаттыктын» жеринде жүргөн кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, акцияга Базар-Коргондон келген 50дөй адам катышкан. Алар кыздын өлүмүнө шектүү киши өмүр бою эркинен ажыратылышын ошондой эле үй-бүлөсү менен чогуу айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышты.

Акцияга чыккандар маселеге коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн бурдуруу максатында Бишкек — Ош жолунун ошол айылдын тушундагы тилкесин тосушуп, 5-10 мүнөттөн кийин жол кайра ачылды.

Буга чейин Ноокен районунун Масы айылындагы сайдан киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 58 жаштагы киши кармалган. Тергөөдө шектүү кызды өлтүрүп, сөөгүн каналга таштап жибергендигин моюнуна алган.

Ошондой эле кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолуп, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу жоопкерчиликке тартылганы айтылган.

Кийинчерээк Кыйноолордун алдын алуу борбору шектүү милиция тарабынан кыйноого алынганын билдирген. Бирок Жалал-Абад ОИИБи муну четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

19 жашар кыздын өлүмүнө шектүү кыйноого алынганы айтылды, милиция четке кагууда

Ноокенде 19 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды