19 жашар кыздын өлүмүнө шектүү кыйноого алынганы айтылды, милиция четке кагууда

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 19 жаштагы кызды өлтүргөнүн мойнуна алган киши милиция тарабынан кыйналганын билдирди. Ал эми Жалал-Абад ОИИБи бул маалыматты четке кагууда.

Кыйноолорду алдын алуу борбору эмне дейт?

Кыйноолордун алдын алуу борбору, шектүүнүн сөздөрүнө таянып ал мекемеге 10-ноябрда алынып келинип, эки күн ур-токмокко алынганын билдирди.

«Аны башка кылмыштарды моюнуна алышы үчүн эки күн бою сабап, союл менен зордукташкан. 12-ноярда убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Борбордун кызматкерлери анын көк-ала тактарын сүрөткө тартып, кыйноо тууралуу арыз алышкан», — деп билдиришти борбордон.

Ошондой эле кыйноолордун алдын алуу борборунан арыздын негизинде шектүүгө медициналык экспертиза дайындалып, Стамбул протоколу толтурулуп, тез жардам чакырылганын белгилешти.

«Бирок ал учурда маркум кыздын жакындары ишке тоскоолдук кылгандыктан дарыгерлер убактылуу кармоочу жайдан кетүүгө аргасыз болушкан», — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков шектүү менен жолугушууга барганда «ага милиция кызматкерлери тарабынан тоскоолдук болгону» айтылды.

Буга байланыштуу улуттук борбор «киши колдуу болгон кыздын үй-бүлөсүнө борбордун максаттары жана иши тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар берилип жатат» деп божомолдоодо.

Милициянын версиясы

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден Кыйноолордун алдын алуу борбору тараткан маалыматты четке кагышты.

Басма сөз катчы Шеркул Турганбаев «Клоопко» шектүү убактылуу кармоочу жайга келгенге чейин соттук-медициналык экспертизадан өткөнүн билдирди.

Ал «шектүү врачка денесиндеги жарааттар 2-3 күн мурда үйүндө жыгылып түшкөндүгүнөн улам пайда болгонун айтып берген» дейт.

Турганбаев 15-ноябрда Улуттук борбордун кызматкерлери келип, шектүү менен маектешишкенин белгиледи.

Анын айтымында, алар убактылуу кармоочу жайдан чыккандан кийин маркумдун апасы менен «кайым айтыша кетишкен».

Мындан сырткары милициядан 17-ноябрда Улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова келгенин, алардын шектүү менен жолугушуусуна «эч кандай тоскоолдук болбогонун» билдиришти.

«Кожокулова менен Рысбеков милиция бөлүмүнө келип, 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген О.А. менен жолугушаарын айтышкан. Бирок ал учурда шектүү РИИБдин тергөө кызматынын бөлмөсүндө окуя боюнча кошумча сурак берип жаткан. Алардын жолугушуусуна Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. Шектүү тергөө кызматында сурак берип жаткандыгын Рысбеков келип өз көзү менен көрүп чыгып кеткен», — деди Турганбаев.

Милициядан учурда шектүүнүн жарааттары боюнча прокуратура тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалганын кошумчалашты. Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.

19 жаштагы кыздын өлүмү

8-ноябрь саат 9:30 чамасында Ноокен районунун Масы айылындагы сайдан киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Аталган факты боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 58 жаштагы киши кармалган. Тергөөдө шектүү кызды өлтүрүп, сөөгүн каналга таштап жибергендигин моюнуна алган.

Ошондой эле кармалган киши буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолуп, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатка байланыштуу жоопкерчиликке тартылганы айтылган.

Тема боюнча:

Ноокенде 19 жашар кызды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды