Ысык-Көл облусунда 20 млн долларга спорт комплекси курулат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында 20 млн долларга эл аралык спорт комплекси курулат. Бул тууралуу минкабдан билдиришти.

Өкмөттүн маалыматында аталган спорт комплексте улуттук курама командалар спорттун 30дан ашык түрү боюнча машыга алары, ошондой эле ал жерде реабилитациядан өтсө болору айтылат.

Комплексти «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому курат, бул үчүн фондго Тосор айылында 72,2 гектар жер тилкесин берүү чечими кабыл алынган.

«Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн жер тилкеси ондогон жылдар бою эффективдүү пайдаланылбай, кароосуз калган абалда жана тез арада жакшыртууну жана өнүктүрүүнү талап кылат», — деп билдиришти өкмөттөн.

Комплекстин алдын ала баасы 20 млн долларды түзөт — долбоор Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы жана ага тартылган финансыдан каржыланат.

Курулуш иштерин 2023-жылы жазында баштоо пландалууда.