Кыргызстан менен Түркиянын парламент төрагаларынын жолугушуусунда ФЕТО маселеси көтөрүлдү

Сүрөт: ЖКнын сайты

22-ноябрда Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен болгон жолугушуусунда кыргыз бийлигинин «ФЕТО коркунучу» боюнча позициясы «кубандырарын» билдирди. Бул тууралуу Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Шентоп эки өлкөнүн жакын кызматташтыгындагы маанилүү маселелердин бири ФЕТО уюмунун ишмердүүлүгү менен күрөшүү экенин белгилеген.

«Түркия дос жана боордош өлкөлөргө Фетхуллах Гүлендин террордук уюмунун коркунучу тууралуу эскертүүсүн улантууда. Бул маселеде кыргыз бийлигинин эркин көрсөткөнү бизди кубандырды. Биз кызматташуубузду улантууну каалайбыз», — деди Шентоп.

Ошондой эле Түркия парламентинин төрагасы аталган уюм «эки өлкөнүн мамилесине зыян тийгизбеши үчүн этият болуу керектигин” кошумчалады.

*Кыргызстанда ФЕТО уюму экстремисттик жана тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирбейт.

Кийинчерээк ал твиттер баракчасына ФЕТО менен күрөшүүдө кыргыз бийлигинен колдоо күтөөрүн жазды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен биздин ассамблеяда жолуктук. Жолугушууда эки дос өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жүрүшү бизди канааттандырарын билдирдик жана ФЕТО террордук уюму менен күрөшүүдө колдоо жана кызматташууну күтөөрүбүздү айттык», — деди Мустафа Шентоп.

Ал эми ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев «кыргыз бийлиги буга чейин эле 2016-жылдагы төңкөрүш аракетин кескин айыптаганын, бул багытта эки өлкөнүн укук коргоо органдары биргелешип иш алып барып жатканын» билдирген.

«ФЕТО уюму боюнча Кыргызстандын көз карашы сиздерге белгилүү. Биз ошол окуяны кескин айыптаганбыз. Ошол маалда кыргыз эли түрк эли менен санаалаш болуп, тынчсыздандыруусун билдирген. Биз ал уюмдун кылмыштуу аракеттерин кескин айыптаганбыз, дагы да айыптайбыз. Бул багытта эки өлкөнүн тийиштүү укук коргоо органдарынын иштери жүрүп жатат. Эки тарап тил табышып, иш алып барууда», — деген Шакиев.

Буга чейин Ички иштер министри Улан Ниязбеков Анкара шаарында Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугуп, ФЕТО уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууну ишке ашырууну талкуулашкан.

Гүлен кыймылы жана «Сапат» мекемелери

ФЕТО — түркчөдөн которгондо Fethullahçı Terör Örgütü (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп чечмеленет. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Фетхуллах Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок «Гүлендин кыймылы» бул айыптоолорду четке кагып келет.

2021-жылдын 9-июнунда президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барып, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда террористтик уюмдарга каршы туруштук берүү маселесин талкуулашкан. Эрдоган айрыкча ФЕТО уюмуна басым жасаган. Анын айтымында, Жапаров ФЕТО «эки өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирери тууралуу» Эрдоган менен пикирдеш.

Анткен менен Жапаров басма сөз жыйында «Гүлендин кыймылы» тууралуу комментарий берген эмес. Президенттин сайтында да бул жөнүндө маалымат чыккан эмес.

Ошол учурда Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин* негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголуп, укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан.

*Түркиянын бийлиги «Сапат» билим берүү тармактары оппозиционер Фетхуллах Гүлен жана анын ФЕТО уюму тарабынан каржыланат деп эсептейт. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. Анда негиздөөчүлөрдүн катарына кыргыз өкмөтү кирген — азыр Билим берүү министрлиги 30% акцияга ээлик кылат.

5-июлда Эрдоган Орхан Инандыны Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму атайын операциянын негизинде кармаганын билдирген. Көп өтпөй Түркиянын соту Инандыны «куралдуу террордук уюмду башкарган» деген айып менен камакка алып, Анкара прокуратурасы аны 15 жылдан 22,5 жылга чейин колонияга калтырууну сураган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Түркияда ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алуу маселеси талкууланды