«Прокурор бош эмес». Абдирасулованын иши боюнча отурум 25-ноябрга жылдырылды

23-ноябрда Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын «милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбөө» иши каралды. Бирок жаңы дайындалган прокурор башка процесске кирип кеткенине байланыштуу сот отуруму 25-ноябрь саат 11:00гө жылдырылды.

Абдирасулова отурумда мыйзам бузбаганын айтып, милициянын күчкө салып кармап кеткенин «саясий куугунтук» деп атады.

Укук коргоочу сот отурумуна өзүн «күч менен кармоого буйрук берген» Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Тилек Түкебаевди чакырууну өтүндү. Сот өтүнүчтү канааттандырбаган соң, укук коргоочу соттун курамына ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Абдирасулова прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн «мурдагы эки сотко* катышкан» деген жүйө менен түшүндүрдү. Судья прокурорду иштен четтетүү өтүнүчүн гана канааттандырды. Анын ордуна башка тергөөчү келди.

*Март айында Орусия элчилигинин алдына акцияга чыккан Абдирасуловага карата «Майда бейбаштык» жана «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси менен иш козголуп, шаардык сот укук коргоочуну актаган.

Милициянын өкүлү Абдирасулова митинг өткөрүүгө аракет кылганы жана аларга баш ийбегени үчүн кармалганын айтты. Укук коргоочу «митинг өткөрүүгө кандай аракеттер болгон» деп суроо узатты. Милиция кызматкери Абдирасулова буга чейин «митингдерге активдүү катышып келген» деп жооп берип, кандай аракеттерди жасаганын ачыктаган жок.

Адвокаттар суроо берип жатканда судьяга экинчи ирет ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Ал өтүнүчтү канааттандырган жок. Отурум уланаарда жаңы дайындалган прокурордун «башка процесске кирип кеткени» белгилүү болуп, сот кийинкиге жылдырылды.

Азиза Абдирасулованын соту. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop

Абдирасулованын кармалышы

Милиция кызматкерлери укук коргоочуну 15-ноябрда Ак үйдүн алдында күч менен кармашкан. Ага чейин ал жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн болчу.

Милиция кызматкерлеринин бири 64 жаштагы укук коргоочуну «мас болуп алып сөгүп жатат» деп айыптаган. «Мен формачанмын, сөкпө», — деп кыйкырган милиционер. Ошол эле маалда видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонгону тууралуу далил болгон эмес.

Андан бир күн мурун Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов аны аңгемелешүүгө чакырганын айткан. Укук коргоочунун айтымында, милиция кызматкерлери ага «жазгандарын үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпеши үчүн» Фейсбукта азыраак жазууну сунушташкан.

Тема боюнча:

Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн протокол түзүлдү