Укук коргоочу Азиза Абдирасуловага милиция кызматкерлерине баш ийбегени үчүн протокол түзүлдү

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын кызы Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук барагында апасына милицияга баш ийбегени үчүн административдик проток түзүлгөнүн билдирди.

«Эртең сот болот болуш керек. Бүгүн коё берилди», — деп жазды ал.

Азиза Абдирасулова өзү «Азаттыкка» курган маегинде тагылган айыпка макул эместигин, актыгын соттоо коргоого даяр экенин айтты. Ошондой эле Кемпир-Абад суу сактагычынын берилишине каршы нааразычылык акциясына катышпаганын, митингде байкоочу катары эле жүргөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Абдирасулованын кызы ИИБде апасына тез жардам чакыртылганын — укук коргоочунун артериялык кан басымы көтөрүлүп кеткенин билдирди.

Абдирасулованын күч менен кармалышы

Милиция кызматкерлери Абдирасулованы 15-ноябрда Ак үйдүн алдында күч менен кармашкан. Ага чейин ал жерде Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы митинг өткөн болчу.

Милиция кызматкерлеринин бири 64 жаштагы укук коргоочуну мас болуп алып сөгүп жатат деп айыптаган. «Мен формачанмын, сөкпө», — деп кыйкырган милиционер. Ошол эле маалда видеодо укук коргоочу адепсиз сөздөрдү колдонуп жатканынын далили жок.

Алар укук коргоочуну түрткүлөп, колунан сүйрөп алып кетүүгө аракет кылып, мындан улам укук коргоочу жерге отуруп калган. Башында Абдирасулованы медициналык күбөлөндүрүүгө алып кетүүнү каалашкан, бирок ал жакка барбай милиция бөлүмүнө алып келишкен. Абдирасулова кармалуусун укук коргоочулук ишмердиги жана Кемпир-Абад иши боюнча кармалган активисттер менен саясатчылар тууралуу маалыматтарды чыгарып турганы менен байланыштырууда.