Сот Азиза Абдирасуловага карата «Майда бейбаштык» боюнча козголгон ишти кыскартты

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова. Сүрөт: «Кылым шамы» коомдук фонду.

22-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусия элчилигинин алдына акцияга чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасуловага карата «Майда бейбаштык» беренеси боюнча козголгон ишти кыскартты.

Милиция кызматкерлери протоколго Азиза Абдирасулова коомдук тартипти бузуп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн деп жазышкан.

Ал эми Абдирасулова тергөөнүн айыптоолорун төгүндөп, милиция кызматкерлери протоколду «оюнан чыгарып» толтуруп койгонун баса белгиледи.

«Биздин укуктарыбызды сактагыла деп бир саатка чыккан үч адамды камашты. Соттор бизден күчтүү, өзүнүн саясатын таңуулаган өлкөнүн ырын ырдап, ошонун нотасы менен ушундай чечимдерди кабыл алды», — деп билдирди укук коргоочу.

Ал эми прокурор Абдирасуловага суроолорун берип, күбөлөрдү уккан соң «Майда бейбаштык» беренеси менен укук коргоочуга козголгон ишти кыскартууну сунуштады.

Укук коргоочу Абдирасуловага «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси менен дагы бир иш козголгон, ал иш 24-март күнү 16:30да каралары белгилүү болду.

Буга чейин Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Динара Ошурахунова менен Өндүрүш Токтонасыровго карата «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козголгон. Бирок соттун чечими менен экөөнүн тең иши кыскартылган.

Ошондой эле, укук коргоочуларга «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» бенереси менен да иш козголгон. Бул иш боюнча сот Өндүрүш Токтонасыровду 3 миң сом айыпка жыккан. Ал эми Динара Ошурахунованын иши 25-мартта каралат.

Тема боюнча:

Бишкек: Орусия элчилигинин алдына митингге чыккан активисттерди милиция кармап кетти

Сот Өндүрүш Токтонасыровду «милицияга баш ийген эмес» деп 3 миң сом айыпка жыкты

Сот Динара Ошурахуновага карата «Майда бейбаштык» боюнча козголгон ишти кыскартты