Бир иллюстрация менен: Күч органдарына туруштук берип жарык чачкан Темиров

Сүрөтчү Татьяна Зеленская өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү-журналист Болот Темировду колдоп, ага арналган иллюстрация тартты.

Сүрөттө журналист күч органдарынын жана сот системасынын алдында жарык чачып турат. Зеленская Темиров менен милиция кызматкерлеринин фонунда тартылган сүрөткө «антиутопия» деген хэштег калтырган.

Сүрөт: Татьяна Зеленская.

Темировдун Кыргызстандан чыгарылышы

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун «документтерди жасалмалоо иши» боюнча аппеляциялык аразын караган. Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу сотко Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу сунушун келтирген.

Соттук коллегия айыптоо менен макул болуп, Темировду өлкөдөн чыгаруу боюнча жаңы өкүм кабыл алган. Укук коргоо органынын кызматкерлери Темировду сот залынан күч колдонуп алып чыгып кетишкен.

Аны кайда алып барышары жактоочуга да, ЖМК өкүлдөрүнө да айтылган эмес — Темиров кайда экени бир нече саат бою белгисиз болгон.

Кийинчерээк иликтөөчү Кыргызстандан Орусияга депортацияланганы белгилүү болду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ачыктан-ачык куугунтук. Медиа коомчулук Темировдун өлкөдөн чыгарылышына байланыштуу кайрылуу жасады

Шаардык сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып салуу чечимин кабыл алды