Мамкаттоонун кызматкерлери Болот Темиров паспортун мыйзамдуу алганын билдиришти

Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировдун кылмыш иши боюнча териштирүү уланып жатат.

Темиров «Клооптун» кабарчысына 14-июлдагы сот отурумунда 2008-жылы Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген Ош облусунун Өзгөн районундагы паспорт столунун кызматкерлери көрсөтмө беришкенин айтты.

Журналисттин айтымында, алар Темировго берилген паспорт жасалма эместигин жана мыйзамдуу түрдө берилгенин тастыкташты.

«Айыптын өзү абсурд болчу. Күбөлөр документтер мага мыйзамдуу жол менен берилгенин, жасалма эместигин тастыкташты. Тергөөдө паспорт столдун кызматкерлери документтеги кол алардыкы эместигин айтышкан, бирок бүгүнкү сотто улук адис жана паспорт столдун башчысы документтеги кол өздөрүнүкү экенин моюндашты», — деди журналист.

Буга чейин 6-июлдагы соттук отурумда Өзгөндөгү калкты паспорттук-визалык каттоо бөлүмүндө документтердин арасынан форма-1 жоголуп кеткени маалым болгон.

Анда калкты каттоо департаментинин кызматкери Калбүбү Бекишева мекеме Болот Темировго документтерди мыйзамсыз берүү фактысы боюнча УКМКнын катынын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзгөнүн билдирген.

Ал текшерүү учурунда 2008-жылы ID-паспорт, 2009-жылы жалпы жарандык паспорт берүү учурунда форма-1 жоголуп кеткени аныкталганын белгилеген. Бул, анын айтымында, журналисттин документтери жасалма болушу мүмкүн деген шек жараткан.

Темировдун айтымында, 14-июлда көрсөтмө берүү учурунда Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн азыркы башчысы Эрнис Абдрахманов форма-1 бланктары буга чейин бир да жолу жоголбогонун, биринчи жолу ушундай болуп жатканын билдирди.

Темировго козголгон кылмыш иштери

20-январда Temirov Live мамлекеттик ишкана аркылуу мазут сатып 30 млн сомдон ашык пайда тапкан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Бир нече күндөн кийин, 22-январда милиция Temirov Live’дын негиздөөчүсү Болот Темировду жана анын кесиптеши, төкмө акын Болот Назаровду кармаган. Алар кармалган учурда чөнтөгүнөн баңгизат табылганы тууралуу кабар тараган.

Учурда Болот Темировго карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңги заттарын даярдоо.

Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары мамлекеттик тендерлерге катышып жаткандыгы тууралуу иликтөөлөрүн жарыялагандан кийин козголгон.

Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.

Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Дагы окуңуз: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок

Кыргызстанда ЖМКга карата басым күчөп жатат