SuperTV телеканалынын кабарчысын сабаган шектүүнүн бири кармалды

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу 24-ноябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы шектүү ТИЗО-1ге бир айга камакка алынды.

Мекеменин басма сөз кызматынан учурда экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча иликтөө иш-чаралары уланып жатканын белгилешти.

Ал эми Жоробеков экинчи шектүүнүн аты-жөнү жана жашаган жери аныкталганын «Клоопко» билдирди.

Ал эки шектүүнүн тең жакын туугандары кечирим сурап чалып жатышканын айтты.

Окуя кандай болгон?

26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду 4 белгисиз жаран сабап кеткен.

Маалыматка ылайык, окуя саат 23:30 чамасында болгон. Журналисттин айтымында, окуядан бир күн мурда редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалган. Ошондой эле буга чейин дагы чалуулар болуп, ал коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган.

Белгисиз адамдар журналисттин «Samsung Galaxy J2» үлгүсүндөгү телефонун жана 3500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, качып кетишкен.

Аталган факты боюнча милиция «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте SuperTV’нын журналистин белгисиз адамдар сабап кетишти