Бишкекте SuperTV’нын журналистин белгисиз адамдар сабап кетишти

SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков

26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду 4 белгисиз жаран сабап кетти. Редакциядан кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн экени айтылды.

Маалыматка ылайык, окуя саат 23:30 чамасында болуп өткөн. Журналисттин айтымында, окуядан бир күн мурда редакциянын номерине белгисиз жаран аны издеп чалган. Ошондой эле буга чейин дагы чалуулар болуп, ал коркутуп-үркүтүүлөргө кабылган.

«Дарыканадан чыкканымда белгисиз жарандар жаныма келип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилей баштады. Анын ичинен бирөө “Бул SuperTV’нын журналисти” деп, мени камерага тартып кирди. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келгенимде саат 4:30 болуп калыптыр», — деди Жоробеков.

Белгисиз адамдар журналисттин чөнтөк телефонун жана капчыгын алып, из жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБинен «Тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдиришти.

Учурда иликтөө иштери уланып жатат.

Журналисттерге кол салуу

Журналисттерге кол салуу жана тоноо буга чейин да болуп келген. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында белгисиз кишилер «Американын үнү» басылмасынын кабарчысы жана «Клооптун» котормочусу Даврон Насибхановду сабап кетишкен.

Ушуга окшош окуяга 2020-жылдын январь айында «Фактчек» басылмасынын ошол кездеги башкы редактору Болот Темиров дагы кабылган. Ал белгисиз үч адам тарабынан сабалган. Милиция аталган иш боюнча «Тоноо» беренеси менен кылмышка шектүү катары төрт кишини кармаган.

Бирок Темиров өзү тоноо болбогонун, ур-токмок учурунда телефону колунан түшүп, кийинчерээк таппай калган айткан. Журналист кылмышка шектүүлөрдү «баалуу нерселер кызыктырган эмес» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто белгисиз кишилер «Клооптун» котормочусун сабап кетти