Бишкек: Маршрутка менен жеңил унаа кагышып, төрт адам ооруканага жеткирилди

27-ноябрда Бишкек шаарында маршруттук кичи автобус «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, төрт киши ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты «Клоопко» милициянын кайгуул кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык саат 14:00 чамасында Киев менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын кесепетинен маршрутка оодарылып кетип, ичиндеги алты жүргүнчү ар канай жаракат алган.

Милициянын кайгуул кызматы эки унаа тең айып короого токтотулганын белгиледи. Учурда авариянын келип чыгуу себептери такталып жатат.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында №212 маршруттук кичи автобус менен Lexsus 470 унаасы кагышып, төрт жүргүнчү жабыркаган. Маалыматка ылайык, окуя Матросов жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда жол кырсыгынын кесепетинен 477 адам каза болгон, анын 79у жаш балдар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуларга жазаны күчөтүү сунушталды

Бишкекте эки маршрутка кагышып, 18 адам жабыркады, экөө — оор абалда