Бишкек: Кичи автобус аласалып 4 жүргүнчү жабыркады

Бишкекте 12-июнь күнү Матросов жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан №212 маршруттук кичи автобус жүргүнчүлөрү менен аласалып кетти. Бул тууралуу «Клоопко» Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Kaktus.media

Башкармалыктын маалыматына ылайык, кичи автобус Lexsus 470 унаасы менен кагышкан. Натыйжада кичи автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркаган. Алар ооруканага жаткырылды.

Окуя болгон жерде ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барууда.

Калаада маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыктары көп эле катталат.

2022-жылдын 26-январында Элебесов-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде эки маршрутка кагышкан. Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 18 адам жабыркаганын кабарлаган. Алардын арасында жаш балдар болгон эмес.

2021-жылдын ноябрында ушундай эле жол кырсыгынан маршрутканын айдоочусу каза болуп, анда дагы 18 киши жаракат алган.