Кеңешбек Дүйшөбаев президентти жана УКМК башчысын жоопкерчиликке тартууну талап кылды

Сүрөт: Azattyk

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Кемпир-Абад маселеси боюнча камакка алынган Кеңешбек Дүйшөбаев президент Садыр Жапаровду жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды.

Дүйшөбаевдин башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолдогон арызын 24.kg маалымат агенттиги жарыялады. Арызда ал Жапаров жана Ташиев Кемпир-Абад маселеси боюнча бир катар мыйзамдарды бузганын жазган.

«Суу кодексинде Кыргызстандын суу ресурстары мамлекеттин гана менчиги жана андан ажыратылбайт деп жазылган. Конституцияда республиканын аймагынын чек арасы кол тийгис деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Баш мыйзамда жер, кен байлыктары, аба мейкиндиги жана башка жаратылыш ресурстары — мамлекеттин гана менчиги деп жазылган. [...] Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракеттеринде оор жана өзгөчө оор кылмыштардын белгилери бар», — деп жазган ал.

Ошондой эле Дүйшөбаев «Жапаров менен Ташиев күч органдарына активисттерди жана саясатчыларды кармоого мыйзамсыз буйрук берген» деп, массалык камоолорду «репрессия» деп атады.

Мындан улам ал президент менен УКМКнын башчысын «Мамлекеттик чыккынчылык», «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «Бийликтен аша чабуу» беренелери боюнча жоопко тартууну талап кылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун ратификациядан өткөрдү.

Ал эми ИИМ бир ай мурда 30га жакын активист жана саясатчыларды кармап кеткен. Алардын баары Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы чыгып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындап келишкен.

Кармалгандарга «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси менен айып тагылган. Алардын дээрлик баары бир айга камакка алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров Кемпир-Абадды коргоп чыккандарды дагы сынга алды