Садыр Жапаров Кемпир-Абадды коргоп чыккандарды дагы сынга алды

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычын коргоп чыккандарды «өз кызыкчылыгын көздөгөн» деп сынга алды. Бул тууралуу ал 25-ноябрда борбор калаада өтүп жаткан курултайда айтты.

«Бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоо ниеттери ишке ашкан жок. Чек аранын биздин пайдага чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттту жарандарыбыз көп экени кубандырды. “Чубактын кунундай чубалжытпай” дагы канча кагылыштарга себеп кылбай чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Жапаров Кемпир-Абадды коргоп чыккандарды биринчи жолу эле сынга алып жаткан жок. Ал буга чейин да аларды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар «суу сактагыч маселесин бийликтин бир жерине илинип калсам деген ойдо пайдаланып жатышат» деп билдирген.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ИИМ тарабынан кармалгандарды «провокаторлор, мамлекетке дестабилдүүлүктү алып келебиз, мамлекетти ызы-чууга салабыз, бийликти алабыз дегендер» деп атаган.

Жогорку Кеңештин депутаттары 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун ратификациядан өткөргөн.

Ал эми Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишин сындап чыгып ИИМ тарабынан кармалган 30га жакын активист жана саясатчылар азыр да камакта жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек ара макулдашуусун үч окууда ратификациялады