«Чектелген маалымат». Чек ара кызматы Баткенде каза тапкандардын маалыматын жашырды

Чек ара кызматы Баткен облусунда сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта каза тапкан чек арачылар тууралуу маалыматты жашырды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан «Клооптун» кыргызстандыктардын каза табышынын жагдайлары менен маалыматтарын берүү тууралуу өтүнүчүнө берген жообунда айтылат.

Чек ара кызматынан «Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө» мыйзамына таянышты, ал боюнча маалыматты мамлекеттик сырга таандык кылуу өкмөт, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмегинин жана Жашырындоого жаткан маалыматтардын тизмегинин негизинде жүзөгө ашырылат.

«Алсак, УКМКнын Чек ара кызматынын ведомстволук актысына ылайык, сиздер сураган маалыматтар жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарга таандык болуп киргизилген, түшүнөсүздөр деп деп ишенебиз», — деп айтылат өтүнмөнүн жообунда.

Ошол эле кезде сентябрдагы куралдуу кагылышта каза тапкандардын аты жөнү жана өлүм жагдайлары тууралуу маалыматтар аталган окуялардан кийин дээрлик дароо эле пайда болгон.

Сентябрдагы кагылышта каза тапкан аскерлер. Сүрөт: «Азаттык»

Баткендеги куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болгон. Атышуу болгон аймактан 140 миңден ашык тургун үйлөрүн таштап, коопсуз аймакка качкан.

Куралдуу кагылышта, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болгон, анын ичинен 48и аскер кызматкерлери. Жалпы 206 адам жабыркаган, алардын 145и октон жарадар болгон аскерлер. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров каза болгон 63 адамдын 12си жол кырсыгынан каза тапкан деп тактаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди» радиосу (“Азаттыктын” тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, каза болгон 81 адамдын тизмесин түзгөн.

Эки тарап тең окуяны агрессия деп атап, ага бири-бирин айыптап келет.

20-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.

Дагы окуңуз: Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы

Башкы беттеги архивдик сүрөт: Жеңиш Айдаров / RFE/RL.