«Кемпир-Абад маселеси». Депутат Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетти

Депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал парламенттин 30-ноябрдагы жыйында билдирди.

Ал комитет төрагалыгынан кетишинин себебин, Кемпир-Абад маселеси менен түшүндүрдү.

«Бул чечимди жеке өзүм кабыл алдым. Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача айтканда, буга өткөндө Кемпир-Абаддагы маселе себеп болду. Бир жыл болду ушул комитетти жетектеп жүрдүм. Колумду таза кармап, мыйзамдарды бузбай, коррупциядан алыс болуп татыктуу алып бардым деген ниеттемин», — деди ал.

Алиев мындан ары катардагы депутат катары ишин уланта берерин белгиледи.

Медер Алиев комитет төрагасы болуп, үстүбүздөгү жылдын январь айында шайланган.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматынан бошотулган.

Кемпир-Абад боюнча добуш берүү

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда дароо үч окууда «Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди» жана «Кемпир-Абад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну» ратификациялоо тууралуу чуу жараткан мыйзамдардын долбоорун жактырган.

Үчүнчү окууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди 64 депутат колдоп, 19 депутат каршы добушун берген.Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну 65 депутат колдоп, 18 эл өкүлү каршы добуш берген.

Добуш берүүдө отурган депутаттардын жалпы саны 83тү түзгөн. 7 эл өкүлү ордунда жок болгон.

Талкуу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн. Мыйзам долбоорлорун Камчыбек ташиев баяндап чыккан. Жогорку кызматты ээлеген эки чиновник тең депутаттарды документтерди мамлекет үчүн пайдалуу деп негиздеп колдоп берүүгө үндөшкөн. Депутаттардын айрымдары макулдашууга каршы чыгышкан. Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров кесиптештерин документтерди колдоп берүү үчүн мажбурлоо болгонун билдирген.

Ал эми 29-ноябрда президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.