Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтерге кол койду. Бул тууралуу 30-ноябрда коңшу өлкөнүн президентинин басма сөз кызматы маалымады.
«Мамлекет башчыларынын саясий эрки менен бир тууган эки элдин ортосундагы өз ара урмат-сый жана жакшы коңшулук мамилелер артат, 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелер боюнча макулдашуулар жетишилет», — деп жазылат билдирүүдө.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга 29-ноябрда кол койгон.
Тийиштүү мыйзам долбоорлорун 17-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары дароо үч окууда кабыл алышкан — жыйын талаш-тартыштар менен коштолгон.
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара келишимине 302,29 км аралыктагы участоктор кирди. Эми Кемпир-Абад суу сактагычын эки өлкөнүн биргелешкен комиссиялары башкарат.
Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында УКМКнын төрагасы
Камчыбек Ташиев макулдашуунун негизинде кыргыз тарап «дээрлик 5 эсе көп жер аларын» билдирген. Анын айтымында, жалпысынан 19 699 гектар жер аянты өлкөнүн балансына алынды. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер коңшу өлкөгө берилди.
УКМКнын башчысы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү участоктор Кыргызстандын балансына жазылды деп билдирген:
- Гавасай, 12 849 гектар, Өзбек ССРи Кемпир-Абад сол жээк каналын курбагандыгы үчүн;
- Көк-Серек, 105 гектар, кыргыз жарандары жашаган айылы менен кошо;
- Баястан, 212 гектар;
- Унгар-Тоо, 35 гектар, уюлдук компаниялардын жана мамлекеттик телеканалдардын антенналары жайгашкан;
- Ак-Таш, 100 гектар – Кара-Суу шаарын кеңейтүү максатында жана саркынды тазалоочу жай куруу үчүн;
- Кара-Белес, 25 гектар;
- Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1000 гектар;
- Кемпир-Абаддагы суунун көлөмү 908ден 900-горизонталга түшкөндө 1 246 гектар жер бошоду деген Ташиев.
Жыйындын жүрүшүндө Ташиев сын-пикир айткан депутаттарды «чагымчыл» деп атаган. Ошондой эле ал Кемпир-Абаддын берилишине каршы чыгып кармалгандардын камалуусун колдогон.
Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөндөн бери суу сактагычты берүүгө жергиликтүү тургундар, айрым саясатчылар жана активисттер каршы чыгып келе жатат.
Кээ бир жергиликтүү тургундар эгер Кемпир-Абад Өзбекстанга өтсө, «Өзбекстан убадасына турбай, сууну жана суу сактагычтын тегерек четиндеги жерлерди колдоно албай калабыз» деп кооптонушууда. Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө берилишине каршы болгондор буга чейин жер-жерлерде митингдерди жана курултай өткөрүшкөн.
Ал эми азыркы тапта 30дай активист жана саясатчы камакта жатат. Алардын баары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди суу сактагычты коңшу өлкөгө өткөргөнү жатканы үчүн сындашкан.