Жанар Акаев: Депутат Жамгырчиевдин үйүндө жана унаасында тыңшоочу аппарат табылды

Парламенттеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-ноябрдагы жыйынында «Альянстын» лидери Жанар Акаев билдирди.

Ал 27-ноябрда Эмил Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасынан кармап кетишкенин эске салды. Кармоого Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы себеп экени айтылган. Бирок эл өкүлү ошол эле күнү кайра коё берилген.

«Анын [Жамгырчиевдин] чет өлкөгө чыгууга болгон укугу бузулду. Мыйзамсыз. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын күч органдары кармап, “ал жакка баспа, бул жакка басасың” дегени туура эмес. Биз аны Кемпир-Абад маселесинде [Өзбекстанга берилишинде] каршы добуш бергени менен байланыштырабыз, түздөн-түз», — деп белгиледи Акаев.

Жанар Акаев парламент жыйынында. Видеодон скриншот.

Депутат Жамгырчиевге 2019-жылы козголгон кылмыш ишин жандантуу аракети көрүлүп жатат деп болгоду. Анда Эмил Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары болуп турган кезде аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишинде оң тыянак чыгартып берүү үчүн ишкерден пара алган делип айыпталган. Акаевдин айтымында, бул иш боюнча Жапмгырчиев бардык сот инстанцияларында, анын ичинде Жогорку сотто акталган.

«Кечээ күнү Эмил Жамгырчиевдин автоунаасынан дагы, үйүнөн дагы үн, видео жаздыруучу аппараттар табылган», — деди «Альянстын» лидери күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бул окуяларга түшүндүрмө берет деп үмүттөнүп.

Акаев Конституцияга жана Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, парламент депутаты берген добушу үчүн жооп бербесин кошумчалады.

Күч органдары азырынча депутат Жанар Акаевдин билдирүүлөрүнө жооп бере элек.

Парламенттин спикери Нурлан Шакиев анда Жамгырчиевдин сыртка чыгуусуна тыюу бардыгы боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бар экенин айтты.

«Мен дароо түшүндүрмө сурагам, тиешелүү укук коргоо органдарынын жетекчилери менен сүйлөшкөм, алар мага оозеки түшүндүрүшкөн: эч кандай мыйзам бузуу болгон жок. Болгону биз кылмыш иштери бар, ошонун негизинде сурадык, эч кандай кармоо, башка нерсе болгон жок, мыйзамды биз дагы сактайбыз деп айтышкан. Анын баары көзөмөлдө», — деди Шакиев.

Жамгырчиев өлкөдөн чыга албай калганда жанында депутат Чыңгыз Айдарбеков да болгон. Ал дагы Кемпир-Абад боюнча макулдашууга каршы добуш берген.27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын билдирген. Эл өкүлү кармалганы боюнча версиялар айтылган, бирок бул маалыматты УКМК четке каккан.

28-ноябрда депутат Жанар Акаев кесиптеши жана партиялашы ден соолугуна байланыштуу парламент жыйындарына убактылуу катыша албасын маалымдаган. Эртеси күнү Айдарбек өзү Фейсбук барагында чет өлкөдө медициналык кароодөн өтүп жүргөнүн билдирген.

Кемпир-Абаддын чуу менен берилиши

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип пайдалануу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун дароо үч окууда кабыл алган. Документке ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.

29-ноябрда президент Садыр Жапаров кыргы-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгон.Бул демилгеге каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочу массалык башаламандык даярдоого шектелип ТИЗОго киргизилген. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Депутаттар өздөрү да УКМК кызматкерлери Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген эл өкүлдөрүн коркутуп жатканын билдиришкен.