Сурабалдиева депуттарга коркутуу болуп жатканын айтып, Ташиевдин кирешесин текшерүүнү сунуштады

Элвира Сурабалдиева жана Камчыбек Ташиев

24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарга карата коркутуулар башталганын айтты.

Депутат эл өкүлдөрүнө карата коркутуу жана кысым боюнча парламенттин төрагасын сынга алды. Аны менен катар ал 23-ноябрда бир тууган инисин УКМКнын кызматкерлери «иш козгойбуз» деп коркутууга алганын билдирди.

«Мен 2020-жылы 5-октябрда — 2 жылдан кийин парламентке келгенде мени УКМК ушинтип коркутат деп ойлогон эмесмин. Кечээ депутаттар менен сүйлөшсөм баарынын тааныш-туугандарын эле эмес, жакындарынын баарын жумуштан алыптыр. Менин жакын туугандарым мамлекеттик кызматта жок экен, алыскыларын да жумуштан алып жатышыптыр. Эми бул уят нерсе. УКМК ушуга чейин барсаңар, оокат-бизнесиңерди тартып алам десеңер, мындай Бакиевдин заманында да болгон эмес», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал буга чейин дагы УКМК тарабынан коркутуу жана кысым болгонун, аны «митинг уюштурууга айыпташканын» айтты.

«Мына эки ай өтө элек, эми УКМКнын кызматкерлери менин туугандарымдын бизнестерине келишип, коркутуп атышыптыр. “Ал кызды тыйынсыз калтырам”, “талаада каласың” деп. [...] Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?», — деп айтты Сурабалдиева.

Буга жооп катары УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сурабалдиеванын жакындарына таандык Бишкектеги Кудайберген базары мамлекетке ири суммадагы салык төлөбөй койгонун айтты. Ошондой эле ал депутаттардын арасында «оор кылмыштарга шек саналып жаткандар бар экенин» билдирди.

«Кудайберген базарында 3 миңден ашуун контейнер бар. Алардын ар биринен 2-3 миңден жыйнадык деп отчёт беришкен. Бирок эң аз дегенде 7-15 миңден жыйнашат. Салык кызматы эсептеп чыкканда Кудайберген базары 70 миллион сомдой салык төлөбөй койгону аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Булар аны төлөөгө милдеттүү. Анан депутатмын деп эле ушул жерден туура эмес маалымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз, ага акыбыз да жок», — деп белгиледи Ташиев.

Андан сырткары УКМКнын төрагасы кээ бир депутаттарга карата «козголгон өтө оор кылмыш иштери» бар экенин билдирди. Бирок алардын ысымдарын атаган жок.

Аны менен катар Сурабалдиева Ташиевдин иниси — депутат Шайырбек Ташиев — тарабынан коркутуулар болуп жатканына нааразылыгын билдирди.

«Камчыбек Кыдыршаевичтин бир тууган инисинин “Элвира, сен Кемпир-Абадга каршы добуш бербедиңби, өзүңдөн көр” деген сөзүн кандай түшүнөйүн? Бул жакта азыр менин кандай тиешем бар деп айтышы [мүмкүн]. Анда менин туугандарымдын кандай тиешеси бар? [...] Урматтуу төрага, биздин мамлекетте канча президент бар? Бир президент, туурабы? А мага бизде 2 президент бардай сезилип жатат. Анан калса, аты аталбаган президент каалагандай калчап, каалаганын коркутуп жатат», — деди ал.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева өзүнө карата жалган-жалаа дооматтар айтылганын белгилеп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду төлөнгөн салыктар боюнча эки тараптуу текшерүү өткөрүүгө чакырды.

«Кудайберген жөнүндө мынчалык жалаа жаап жаткан УКМКнын жетекчиси Кумтөр жана Кемпир-Абад боюнча дагы алдаса керек. Кудайбергенде 1 376 контейнер бар, кээ бирөөлөр 15 миң сомдук ижараны төлөбөйт — 6-8 миңге чейин [төлөйт]. Бир этаж үстүнө коюлса, миң сом кошулат. [...] Акылбек Үсөнбекович, элдин алдында айтылган сөздөрдөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын жана өкмөт мүчөлөрүн комиссиянын катарына кошуп, Сурабалдиевдер жана Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн кирешелерине эки тараптуу текшерүү уюштурууга даярсызбы? Эгерде силер ушуга даяр болсоңор, эгер президент азыр бизди көрүп жаткан болсо, анда мен дагы даярмын. Анан өлкөгө кимдер салык төлөп, кимдер төлөбөй, ким кантип байыганын көрөбүз. Кааласаңыз, сиздин өзүңүздү жана орун басарларыңызды дагы текшерип көрөбүз», — деп баса белгиледи эл өкүлү.

Буга жооп катары министрлер кабинетинин төрагасы «мыйзам боюнча депутат өзүнүн шайлоочуларына жана өзүнүн уятынын астында гана жооп берерин» айтып, аталган маселени саясатка айландырбоого чакырды.

Кемпир-Абад боюнча добуш берүү

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын өзүнчө тилкелерин делимитациялоо каралып, анын ичинде Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп берүүгө макулдук берилген.

Талкуу президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп, мыйзам долбоорлорун УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндап чыккан. Жогорку кызматты ээлеген эки чиновник тең депутаттарды документтерди «мамлекет үчүн пайдалуу» деп негиздеп колдоп берүүгө үндөшкөн.

Депутаттардын айрымдары макулдашууга каршы чыгышкан. Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаров кесиптештерин документтерди колдоп берүү үчүн мажбурлоо болгонун билдирген.

Жыйында УКМКнын башчысы депутат Өмүрбек Бакиров менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн. Андан кийин Бакиров Ташиев тарапка ылдый көздөй түшө баштаган.

Анда анын жолун депутат Фархат Исмаилов тороп калган. Аларды курчап турган депутаттар арачалаган. Кийинчерээк Бакиров Ташиев сөгүнгөнү менен «энелерди канчалык сыйларын көрсөткөнүн» айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо мыйзамынын үчүнчү окуусунда мамлекеттик чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди 64 депутат колдоп, 19 депутат каршы добушун берген.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын сууларын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну 65 депутат колдоп, 18 эл өкүлү каршы добуш берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мадумаров депутаттарды Кемпир-Абадды берүү маселесин колдоого мажбурлап жатышканын билдирди

Равшан Жээнбеков: Кемпир-Абад боюнча келишимди жокко чыгаруу үчүн Эл аралык сотко кайрылабыз