«УКМК унчукпайт». Сурабалдиева Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков дайынсыз болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 27-ноябрда твиттер барагына жазды.

«Айдарбеков эч жерде жок, таба албай жатабыз. Кечээтен бери байланышка чыга элек. УКМК унчукпайт», — деди ал.

27-ноябрга карган түнү Сурабалдиева УКМК депутат Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин айткан. Ал депутаттар чогулган соң Жамгырчиевди коё беришкенин белгилеген.

Сурабалдиева эки депутат тажыяга бара жатканын жана Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганын билдирген. Бирок ал Айдарбековдун кармалган-кармалбаганын ачыктаган эмес. Ал эми айрым басылмалар Айдарбеков дагы атайын кызмат тарабынан кармалганын жазган.

УКМКнын басма сөз кызматы «Клоопко» Жамгырчиевдин кармалганы жана Айдарбеков боюнча маалыматты тактап берүүнү убадалап, бирок маалымат берген жок.

24-ноябрда Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишимди ратификациялоого каршы добуш берген депутаттарга коркутуу болуп жатканын айтып чыккан.

Ал эми Кемпир-Абад боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергендердин арасында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев жана Чыңгыз Айдарбеков дагы бар.

Айдарбековдун кызматтан алынышы

10-октябрда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган. Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абыд суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет. Комитеттин башчысы келишимди жактыруу жөнүндө чечимге кол коюудан баш тарткан.

Айдарбековдун парламенттик комитеттеги орун басарлары, депутаттар Чолпон Султанбекова жана Лейла Лурова дагы комитеттин чечимине кол коюудан баш тартышкан. Айдарбековдун комитеттин чечимине кол коюудан баш тартканына минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берүүгө үлгүргөн.

«Чыңгыз Айдарбеков каалашынча “каршы” добуш бере алат, бирок ал комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, ал үчүн көпчүлүк мүчөлөрү добуш берген. Анын акылсыз популизми менен жоопкерчиликсиз позициясы жок эле дегенде компетенциясы жоктугун айтып турат. Бирок, жашыруун жүйөөлөрү дагы бар болушу мүмкүн…», — деп жазган минкабдын төрагасынын орун басары.

20-октябрда Айдарбеков парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматынан алынган. Андан көп өтпөй ал дипломатиялык рангынан да ажыратылган.

Эл өкүлү өзү бийлик жашыруун шартта Өзбекстанга берүүгө камдап жаткан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жерлер документтер боюнча талаштуу жерлер эместигин айткан.

Тема боюнча:

Сурабалдиева депуттарга коркутуу болуп жатканын айтып, Ташиевдин кирешесин текшерүүнү сунуштады

Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылды