Чолпон Султанбекова Парламенттин Конституциялык комитетинин башчысы болду

Депутат Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Ал бул кызматка Кемпир-Абад маселеси боюнча добуш бербей отставкага кеткен Медербек Алиевдин ордуна келди. Султанбекова өзү суу сактагычтын Өзбекстанга берилишин колдоп добуш берген.

Депутаттын комитет башчылыгына талапкерлигин парламенттин «Ишеним» фракциясы көрсөттү.

Тармактык комитеттин мурдагы башчысы Медербек Алиев 30-ноябрда ыйгарым укуктарын тапшырганын жарыялап, буга Кемпир-Абад маселеси себеп экенин билдирген. «Бул чечимди жеке өзүм кабыл алдым. Эч ким мени мажбурлаган жок. Кыскача айтканда, буга өткөндө Кемпир-Абаддагы маселе себеп болду», — деген ал.

Суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүү боюнча депутаттардын добуш берүүсүнө Алиев катышкан эмес.

Ал эми Чолпон Султанбекова Кемпир-Абад суу сактагычын аталган өлкөгө берүү жөнүндөгү Өзбекстан менен макулдашуунун ратификациясын колдоп добушун берген.

Султанбекова Оштогу «Палван» ЖЧКсынын башкы директору жана Кыргызстандын түштүгүндөгү таасирдүү корпорациянын ээси, 2005-жылы киши колдуу болгон бизнесмен Баяман Эркинбаевдин аялы болгон. Эркинбаев Кара-Сууга — Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын биринине ээлик кылган.

2010-жылдан 2015-жылга чейин Султанбекова «Республика» партиясынан парламент депутаттыгына шайланган, кийин фракциянын лидеринин орун басары, андан соң парламенттин вице-спикери болгон. 2015-жылы парламентке «Кыргызстан» партиясы менен шайланып келген, 2017-жылга чейин Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын мүчөсү болгон. 2016-жылдан 2018-жылга чейин Кыргызстандын социалдык маселелер боюнча вице-премьер министри болуп иштеген.

2009-жылы Чолпон Султанбекова «Агым» гезитинин версиясы боюнча Кыргызстандагы эң бай аялдардын тизмесине кирген.

Кемпир-Абаддын чуу менен берилиши

Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип пайдалануу жөнүндөгү мыйзам долбоорлорун дароо үч окууда кабыл алган.

Бул демилгеге каршы чыккан 20дан ашык активист, саясатчы жана укук коргоочу массалык башаламандык даярдоого шектелип ТИЗОго киргизилген. Кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Алар Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.

Депутаттар өздөрү да УКМК кызматкерлери Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген эл өкүлдөрүн коркутуп жатканын билдиришкен.

Андан тышкары, парламенттин 30-ноябрдагы отурумунда «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев кесиптеши жана партиялашы депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан тыңшоочу жабдыктар табылганын билдирген. Ал аны түздөн-түз Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бергени менен байланыштырышарын айткан. Акаев күч түзүмдөрүнөн Жамгырчиевдин айланасындагы окуялар боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

Буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков макулдашуунунун долбоорун сынга алып, ага кол коюудан баш тарткандан кийин парламенттин эл аралык иштер боюнча профилдик комитеттин төрагалыгынан алынган, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылган.