Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын депутаты Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу 22-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Айдарбеков чек өлкөлүк бир катар мекемелерде [элчиликтерде] иштеп жүргөндө «дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар» ачылганына байланыштуу кабыл алынган.

Бирок президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кандай жагдайлар экени ачыкталган эмес.

Айдарбековдун кызматтан алынышы

20-октябрда Айдарбеков парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалык кызматынан алынган.

Жалпысынан добуш берүүдө 65 эл өкүлү катталып, Айдарбековду кызматтан алуу үчүн 43 депутат макулдугун берсе, 16 депутат каршы болгон.

10-октябрда комитет жабык жыйында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактырган.

Айдарбеков «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун» жактыруу жөнүндө чечимге кол коюудан баш тарткандан кийин кызматынан алынды.

Эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизги пункттарынын бири болуп Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү эсептелет. Айдарбеков тийиштүү документтерди толук көрбөгөнүн айтып, макулдашууну жактыруу чечимине кол коюудан баш тарткан.

«Эл өкүлдөрүнүн пикирлери экиге бөлүндү — алты макул, төртөө каршы добуш беришти. Мен бул маселе боюнча өзүмдүн пикиримди билдирдим. Мен кагазды өз көзүм менен көрмөйүн макул боло албай турганымды айттым. Ошондуктан каршы добуш бердим», — деген Айдарбеков.

Ал эми Айдарбековдун бул кадамын минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сынга алган.

Тема боюнча:

Депутат Улан Примов Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланды

Айдарбеков: Бир дагы тарыхый документ боюнча Кемпир-Абад талаштуу жер эмес