Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары чек ара боюнча протоколго кол коюшту

Саймумин Ятимов жана Камчыбек Ташиев. Срт: Министрлер кабинети

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмеси өттү.

Минкабдын 15-ноябрдагы маалыматына ылайык, кеңешмеде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов чек ара боюнча протоколго кол коюшту. Бирок эмне болгон протокол экенин минкабдын басма сөз кызматы ачыктаган жок.

Жолугушуу «достук жана өз ара түшүнүү» менен өткөнү кабарланды. Ал эми кийинки кеңешме Кыргызстанда өтөөрү белгиленди.

Чуу жараткан протоколдор

Камчыбек Ташиев буга чейин кыргыз-тажик чек арасы боюнча коомчулукта чуу жараткан протоколдорго кол койгон. Алардын негизгилери кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун шартында кабыл алынган.

№42 протокол

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстан чек арада жаңжалын токтотуу жана анын кесепеттери жөнүндөгү протоколго кол коюшкан. Документ 14-17-сентябрда чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин кабыл алынган.

Ага ылайык, эки тарап тең «дайыма жаңжалга алып келген» төрттөн чек ара постторун алышкан.

Алсак, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин айтымында, кыргыз тарап «Тамдык» заставасын, «Булак-Башы», «Катта-Туз» жана «Ак-Сай» постторун толугу менен алып консервация кылат. Тажик тарап өз кезегинде «Бедак» заставасын, «Кех», «Каракчикум» жана «Шаршене» постторун алат.

Кийинчирээк, УКМКнын басма сөз кызматы кабыл алынган протокол убактылуу экенин, ал кыргыз-тажик чек арасындагы демаркация жана делимитация процесстери толук аяктаганда күчүндө болорун түшүндүргөн. Ал эми протоколдо айтылган тилкелерде, комитеттен белгилешкендей, эки өлкөнүн мобилдүү чек ара отряддары кайтаруу ишин камсыздап жатышат.

Чек ара постторун алып алуу чечими коомчулукта чоң резонанс жаратып, Ташиевдин дарегине сындарды күчөткөн. Анткен менен УКМКнын башчысы протоколго кол койгонго чейин чек арага жакын Ак-Сай айылынын тургундары менен акылдашып, «элдин бардык талабы аткарылды» деп ишендирген.

Баткен облусунун чек арага жакын райондорунун жашоочулары митингге чыгып, кол коюлган протоколдорду жокко чыгарууну талап кылышкан. Ал эми депутат Султанбай Айжигитов «№42 протокол Баткен облусунун жарымын жоготуп алуу коркунучуна кептейт» деп билдирген.

№39-протокол

Өткөн жылы 28-апрелде эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына жакын аймактагы куралдуу жаңжалда дагы № 39 протоколго кол коюлган.

Протоколго ылайык, Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырган жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулары айтылган.

Жолду тажик тарап колдонуп, өзү тейлей турганы маалымдалган. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Айланма жол Баткен районунун Капчыгай (Таңги) калктуу конуштун чыгыш тарабы аркылуу өтөрү белгиленген.

Бул протокол боюнча айрым саясатчы, активисттер пикирин билдирип, №39 протоколду ратификацияга жеткирбей жокко чыгарууну сунуштаган. Ал эми «Азаттык» партиясынын төрагасы Исмаил Исаков протокол күчүнө кирсе, Баткен облусунун айрым райондору анклавда калып, эл өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө мажбур болот деп эсептеген.

Тема боюнча:

«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү №39 протоколду жокко чыгарууну сунуштады

Эл койгон талаптын баары аткарылды — Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча №42 протокол тууралуу