Кыйноолорду алдын алуу борбору Базар-Коргон реабилитациялык борборун текшерүү үчүн прокуратурага кайрылды

Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борбору Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрүн имаратка киргизишкен жок. Бул тууралуу улуттук борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта реабилитациялык борбордун жетекчиси «мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, текшерүүгө барган кызматкерлерге өктөм сүйлөп, уят сөздөрдү колдонгону» айтылат.

«Улуттук борбордун кызматкерлеринин жакшынакай сүйлөшүү жүргүзүү өтүнүчүн четке кагып: “Бул менин уюмум, качан кааласам кыйкырам”», — деген реабилитациялык борбордун жетекчиси.

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Кыйноолорду алдын алуу борбору реабилитациялык борбордо көптөгөн мыйзам бузууларды аныктаган. Текшерүүдөн соң дарылардын мөөнөтү өтүп кеткени, тамак-аштын сертификациядан өтпөгөнү жана имаратта шарттар начар экени белгилүү болгон.

«6-сентябрда аныкталган мыйзам бузуулар Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борбордун жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан жасалган ырайымсыз, кадыр-баркты басмырлаган мамилени көрсөтүп турат. Санитардык, тамак-аш, өрткө каршы эреже бузуулар жана башка көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталган. Бул бейтаптарга адамгерчиликсиз мамиле кылынып жатканынан кабар берет», — деп белгилешти улуттук борбордон.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкерлери жогорудагы фактыларды иликтөө өтүнүчү менен Жалал-Абад облустук прокуратурасына керектүү документтерди өткөрүп берди.

Кыйноолордун алдын алуу борбору

Кыйноолордун жана башка катаал мамилелердин түрлөрүн алдын алуу улуттук борбору — бул эркиндиктен ажыраган жана абакта кармалган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамиле кылууну алдын алуучу көз карандысыз орган.

Аталган борбор ИИМдин, УКМКнын, ЖАМКтын жана министрликтерге, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабына, Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик миграция кызматына тиешелүү мекемелерди текшерет.

Ошондой эле борбор жеке менчик жана диний уюмдарга тиешелүү балдар үйлөрүн жана жетим балдарды багуучу, тарбиялоочу мекемелерди текшерүүгө укутуу.