Бишкекте митингдерге Путин келет деп тыюу салынганбы? Эксперттер жооп берет

Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапары күтүлүп жатканын, ал Евразиялык биримдиктин саммитине катышуу үчүн келерин тастыкташты кыргыз президентинин басма сөз кызматынан. Массалык иш-чараларга Жаңы жылга чейин тыюу салынганы дал ушул сапарга байланыштуу болушу мүмкүн дешет эксперттер.

ЕАЭБдин курамына Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирет. Быйыл Евразия биримдигинде Кыргызстан төрагалык кылып жатат, ошондуктан өлкө бийлиги саммит Бишкекте өтөрүн жыл башында эле билген. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус президенти Кыргызстанга келерин ноябрдын башында эле айткан. 4-декабрда ТАСС Песковго таянып, Путин Евразиялык биримдиктин саммитине катышуу үчүн Бишкекке 5-11-декабрда барарын билдирген.

Буга чейин үч күн мурда Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаада Жаңы жылга чейин митингдерге тыюу салган. Алар негизинен Ала-Тоо аянтында жана ага жакын Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин, Жогорку Кеңештин, президенттин администрациясынын, Жогорку соттун, Орусиянын элчилигинин жана УКМКнын имараттарынын алдында тыюу салынган.

Митингдерге Жаңы жылга чейин тыюу салынганы Путиндин сапары менен байланыштуубу деген «Клооптун» суроосуна кыргыз президентинин маалымат кызматы аны чектөөнү киргизген райондук соттон суроону кеңеш кылышты. Бирок эксперттер андай байланыш бар деп эсептешет.

«Албетте, айрыкча Армениянын шартында, ал жерде да ЖККУнун саммити өтүп, армян элинин бир бөлүгү Путиндин сапарына каршы көчөгө чыкпады беле, аны эске алганда байланыштуу болушу мүмкүн — деп ишенет саясат таануучу Турат Акимов. — Ошондуктан биздикилер да саясий кылдаттык максатында [массалык иш-чараларды] чектөөнү чечишкен болушу керек, эч бир адамдардын тобу атайын же капыстан Путиндин сапарына каршы жолго чыга калышпасын деп».

«Байланыштуу да, байланыштуу эмес да болушу мүмкүн: чектөө тенденциясы көптөн бери эле байкалып келет, ал үчүн ар кандай себептер келтирилүүдө, — деп белгиледи юрист жана укук коргоочу Нурбек Токтакунов. — Ал эми Путин келип жаткан болсо, анда албетте, бул да себеп. Бирок мен бир маанилүү нерсени айткым келет да: сот кең аймакта митингдерди узак мөөнөткө тыюу сала албайт. Бул жерде өлкөнүн бардык жараны процесс тарабы болуп калат. Андай кылбаш керек, анткени, бул Конституцияны, мыйзамдарды бузуу болуп калат. Соттун бул чечимин күчү деле жок», — деп белгиледи юрист.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова март айында эле, соттор Орусиянын элчилигинин алдында жана Ала-Тоо аянтында митингдерге тыюу салганда бул чечим Конституцияга каршы келерин айтып чыккан. Конституциясынын 39-беренеси ар бир адамга тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндигин кепилдейт.

Путин, согуш жана Рахмонго сыйлык берүү

Путинге карата мамиле Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан кийин өзгөргөн. Кыргыз бийлиги бул маселеде нейтралдуу позицияны карманууга аракет кылууда. Анткен менен кыргызстандыктар бир нече жолу Украинадагы согушка каршы чыгып, Украинадагы согушта каза таап, жетим-жесир калгандар үчүн Путин Гаагадагы Эл аралык жазык сотунда жооп берүүсү керек деп митингдерге чыгышкан.

Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга салымы үчүн» орден ыйгарганы да Кыргызстанда терс реакция жараткан. Бул окуя октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин болгон. Коңшу өлкөнүн президентин сыйлоо кыргыз жарандарын эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарын да нааразы кылган.

Путиндин Украинага каршы согушу карапайым кыргызстандыктардын да турмушуна таасир эткен. Сентябрда Бишкек Орусиядагы мобилизациядан жашырынгандардын массалык агымына кабылган. Мындан улам Бишкекте турак-жай ижарасы кымбаттап жатат.

Кыргызстанда ЕАЭБдин дарегине суроолор да көп. Товар, капитал жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү үчүн деп түзүлгөн мейкиндик иш жүзүндө кыргыз товарларынын ЕАЭБ базарына эркин чыгуусун кепилдебейт, ал эми санкциялардан кийин өлкө жарандары үчүн импорттук унааларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн да кыйла кыскарткан.