Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган чектөө 31-декабрга чейин узартылды

Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган чектөөнү 31-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу «Клоопко» 2-декабрда аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул чечим Биринчи май райондук администрациясынын арызына байланыштуу кабыл алынган.

Эми Эркиндик бульварында да Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин тынчтык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынат. Аталган жай 2019-жылдан бери ар кандай нааразычылык акциялары үчүн салттуу чогулуучу жайга айланган.

Акыркы бульварда акция 25-ноябрда өткөн. Анда жүздөгөн кишилер өлкөдөн мажбурлап чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайра алып келүүнү, саясий туткундарды бошотууну, сөз эркиндигин, көз карандысыз журналисттерди жана ЖМКларды куугунтуктоону токтотууну талап кылышкан.

Мындан сырткары сот Орусиянын элчилигинин алдында, Ала-Тоо аянтында, Президенттин администрациясынын, УКМКнын жана Жогорку Кеңештин имараттарынын алдында митинг өткөрүүгө болгон тыюуну күчүндө калтырды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган чектөө 1-декабрга чейин узартылды