Мурадиллаевге боорун алмаштырганга тез арада донор жана санавиация керек. Актёрдун абалы оор

Боорун алмаштырууга муктаж болуп турган театр жана кино актёру Азиз Мурадилаевге тез арада донор керек. Бул тууралуу 5-декабрда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова басма сөз жыйында билдирди.

Молдокматова учурда актёр оор абалда жандандыруу бөлүмүндө экенин белгилеп, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Саат бирде ыкчам хирургиялык кийлигишүү болот. Суюктукту сыртка чыгаруу керек. Кесепети оор болуп калбашы үчүн, суюктукту сыртка агызып чыгарган соң трансплантация үчүн түрк же орус клиникасына алып кетүү максатында санаавиация бортун берүүнү суранам», — деп кайрылды Молдокматова өлкө башчысына.

Молдокматова ошол кезде донор да өтө зарыл болуп турганын билдирди.

«Азиздин апасынын жашы [донорлукка] ылайык келбейт экен. Ал донор болууга даяр болчу, бирок клиникалар, дарыгерлер абдан кооптуу деп макул болбой жатышат. Боордун бир аз эле бөлүгү трансплантацияланат. Орусияда жашаган 26 жаштагы кыргызстандык кыз донор болуп берем деп телефон чалган, бирок кандары туура келбей жатат [...] Эжесинин дагы каны туура келбей калды», — деди Молдокматова.

Өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев тез арада боорун алмаштыруу операциясына муктаж болуп турганын 4-декабрда Ассоль Молдокматова билдирген.

Ал актёрдун жакындарынын 45 миң доллар турган операцияга каражаттары жетпей жатканын билдирген. 4-декабрга карата кыргызстандыктардан актёрго болгону 3770 миң доллар чогулган.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Мурадилаевге 42 миң доллар бөлүп берген. Президенттин басма сөз кызматы актёрдун операциясына каражат кайсыл булактан берилгенин азырынча айта элек.

Азиз Мурадиллаевге 2016-жылы да дарылануусу үчүн акча чогултулган — анда актёр сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткени белгилүү болгон. Ошол жылы Москва жана Түркияда дарыланып келген. Бирок анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жоктугу айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

44 жаштагы Мурадиллаев театрда жана бир нече белгилүү тасмаларда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган.