Төлөгөнов: Кыргызстан Орусиянын «ЛГБТ» боюнча мыйзамын да көчүрсө, ал НПОго каршы колдонулат

Орусиянын президенти Владимир Путин «ЛГБТ-пропаганда» жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзам боюнча, «салтуу эмес сексуалдык мамилени, табитти жана жынысты алмаштырууну пропаганда кылуу» үчүн ири өлчөмдөгү штрафтар каралган. Аталган чектөө соцтүйүндөгү постторго, көркөм чыгармаларга жана ЖМКдагы контентке жайылтылат.

Кыргызстанда да ушундай эле мыйзамды кабыл алуу тобокелдиги бар, бирок ал канчалык чоң экенин айтуу кыйын дейт саясат таануучу Медет Төлөгөнов.

Анын айтымында, Кыргызстанда орус мыйзамдарын алуу процесси ансыз да жүрүп жатат. Мисалы, өлкөдө коммерциялык эмес уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорлору талкууланып жатат, алар дээрлик толугу менен Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүп алынган.

«Бирок Орусияда ЛГБТ жөнүндө мыйзам кеңири жазылган, ал китеп чыгаруу жана китеп сатууга да тиешелүү. Мисалга, белгилүү чыгармалардын көбү гомосексуалдуулукка байланышкан темаларынан улам бул мыйзамга туура келип калат. Бизде болсо ЛГБТ темасын көбүнесе кайсыл бир НПОлорго же башка активисттерге жабыштырып, аларды коомчулукка терс жактан көрсөткүсү келет», — дейт Төлөгөнов.

Төлөгөнов эгер Кыргызстанда Орусияныкына окшогон «ЛГБТ-прапаганда» боюнча мыйзам кабыл алынса, ал «“бузуку Батыштын кара күчтөрү” бир нерсени таңуулаганы жатат деп консервативдүү өлкөнүн фонун түзүү» үчүн болот деп эсептейт.

«Ал “күчтөрдүн” катарына, албетте, айрым бейөкмөт уюмдар, ЖМК жана кээ бир активисттер кирип калат. Андайда “бийликке каршы турган күчтөрдү” сөөмөй менен көрсөтүү жана аларды коомчулуктун алдында дискредитациялоо оңой болуп калат. Балким, биз аны көбүнчө активисттерге бирден-бирден басым кылуу үчүн эмес, жалпы фонду түзүү үчүн колдонмок болушу керек», — дейт эксперт.

Путин «ЛГБТ-пропагандага» тыюу салуу жөнүндө мыйзамына 5-декабрда кол койгон. Мыйзамга ылайык, «салттык эмес сексуалдык мамилени, табитти жана жынысты алмаштырууну пропаганда кылуу» үчүн юридикалык жактарга 5 млн рубль, ал эми жеке жактарга 400 миң рублга чейин айып салынышы мүмкүн.

Ошондой эле өлкөдө жарнамада, кинодо жана ЖМКда «салттык эмес сексуалдык мамилелерди пропаганда кылган материалдарга» тыюу салынды. Орусиядагы китеп басып чыгаруучулар, туюндурмалар бүдөмүк болгондуктан бардык китептердин жарымы (50%га чейин) тыюуга кабылат, алардын арасында «Тихий Дон» жана «Бесы» китептери да бар деп арызданышкан.

Кыргызстанда Орусиянын мисалында «ЛГБТ–пропаганда» жөнүндөгү мыйзамды мурда да, тагыраагы, 2014-жылы демилгелөөгө аракети болгон. Ага ылайык, «салтуу эмес сексуалдык мамилеге карата жакшы пикир жаратуу» үчүн айып пул салуу же бир жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталган. Мыйзам долбоорун көптөгөн эл аралык уюмдар сынга алган, алар аны басмырлоочу мыйзам деп аташкан. Ага карабастан, мыйзамдын долбоору парламенттин эки окуусунда кабыл алынып, бирок кийин демилгечи топ кайра артка чакыртып алган.

Оппоненттерди каралоо үчүн ЛГБТны колдонуу

Акыркы жылдары Кыргызстанда ЛГБТ темасы саясий атаандаштарын каралоо жана дискредитациялоо үчүн арбын колдонулуп келет. Мисалы, 2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында оппозициялык партиягы мүчө болушу мүмкүн делген эки активисттин секс-видеосу чыгып кеткен. Ушундай эле жол менен маанилүү саясий окуялардын алдында кыргыз ЛГБТ-уюмдарында иштегендердин сүрөттөрү менен жеке маалыматтарын жарыялап, аутингге дуушар кылышкан.

Ал эми «Лабристин» изилдөөсү көрсөткөндөй, ЛГБТ тууралуу ЖМКда жана соцтүйүндөрдө 8-март менен байланышкан иш чараларда, коммерциялык эмес уюмдар тууралуу материалдарда, парламенттик шайлоо маалында, ошондой эле митингдерде жана бийлик алмашаарда активдүү белгиленет. Мониторинг ЛГБТ менен байланыштуу маселелер кайсы бир саясий багыттагы кыймылдын ишин жылдыруу үчүн курал катары пайдаланып жүргөнүн айгинелейт.