БУУ: Азык-түлүк кымбаттыгынан Кыргызстандын калкынын үчтөн бири толук кандуу тамактанбайт

Кыргызстан калкынын 38%ы пайдалуу азык-түлүктүн кымбатташынан улам, толук кандуу тамактана албайт. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте жүргүзгөн анализинде айтылат.

Анализдеги маалыматка ылайык, пайдалуу азык-зат жетиштүү болгон тамак-аш керектүү энергия менен канааттандырганга гана жараган азыктардан үч эсе кымбат.

Эксперттердин айтымында, организмге пайдалуу заттар жетишпеген, начар рацион көп оорулардын пайда болушун шарттайт. Мисалы, акыркы убакта Кыргызстанда инфекциялык эмес оорулардан жабыркаган ашыкча салмак жана семирүү көйгөйү бар балдар жана чоңдордын саны арбыды.

«Тамактануу боюнча жакшы жыйынтыкка жетүүнүн жалгыз ыкмасы жок. Демек, тамактануунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен социалдык коргоо жана көмөк көрсөтүү иш чаралардын айкалышы үй чарбаларынын толук кандуу тамактануусуна болгон ажырымды жоюуга жардам берет», — деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле, анализде тамакта пайдалуу азык-заттар болушу үчүн так эреже иштеп чыгуу менен, мектеп окуучуларынын тамак-ашын күчтөндүрүү сунушталган. Мындан тышкары, эксперттер мектептеги түштөнүүгө делген каражатты көбөйтүүнү жана мектепке чейинки балдарга жана өспүрүмдөргө да тамак берүүнү кеңеш беришкен. Азыркы тапта Кыргызстанда бир окуучунун тамактануусуна 7 сом гана бөлүнөт, бирок бул каражат азык-түлүк кымбаттаган шартта эч нерсеге жетпейт деп аткаминерлер бир канча жолу нааразы болуп келишкен.

«Тамактануу — ден соолугу чың, жемиштүү улуттун өнүгүүсүндөгү эң маанилүү түркүк. Туура тамактануу физикалык жана когнитивдик өнүгүүгө өбөлгө түзөт, оорулардын алдын алат, эмгек күчүн жана коомдун потенциалын жогорулатат. Рационалдуу тамактануунун, айрыкча балдар жана аялдар арасында жакшыртуу ден соолукка, билимге жана экономикага дароо жана узак мөөнөттүү пайда алып келет», — деп айтылат Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасында.

Буга чейин БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду (IFAD) азык-түлүктүн баасынын өсүшү жана жана айыл чарбасы үчүн ресурстардын тартыштыгы быйыл Кыргызстанда калктын аярлуу катмарын ачарчылыкка кептеп жатат деп билдирген. Фонддон белгилешкендей, Кыргызстан импорттон анын ичинде Орусия менен Украинадан көз каранды өлкө — Орусия Федерацииясы ушул жылдын февралында Украинага кол салган, андан бери өлкөлөр ортосунда согуш болуп жатканына 9 ай болду. Мындан улам, Орусия марттан август айына чейин дан эгинин экспорттоону токтоткон, ал эми Украинадан экспорттоо кыйындаган.

Буга жооп кылып, кыргыз бийлиги өлкөдө ачкачылык болбойт, ал эми азык-түлүккө болгон баа жеткиликтүү деңгээлде кармалат деген. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, эгер Кыргызстанга товар келбей калса, өлкөдө 3-4 айыга жеткидей азык-түлүктүн кору бар, бул кескин силкинүүгө жол бербейт.