Шейхтер ашпозчуларына каттама жасаганды үйрөтүү үчүн Лира апаны Абу-Дабиге чакырышты

Блогер Адилет Ногойбаев TikTok’то кыргыз каттамасы Бириккен Араб Эмираттарын багындырып жатканын айтып берди.

Ал араб шейхтери Ысык-Көл облусуна бараткан жолдун боюндагы «Апамдын чайы» кафесинде каттама жасаган Лира эжени өз ашпозчуларына мастер-класс өтүп берүү үчүн чакырышканын билдирди.

@adilet_nogoibaev_ Кыргызская каттама покорила Шейхов 😍🇦🇪🇰🇬 #адилетногойбаев #adiletnogoibaev #путешествие_года #кыргызстан #казахстан #узбекистан #абудаби ♬ оригинальный звук - Adilet Nogoibaev

Ишкер Жоодар Сайдилкандын айтымында, шейхтер каттаманы ооз тийип көрүп, аларга жагып калган.

«Мухаммед мырза шейх досторуна сюрприз кылыш үчүн Лира эжени жана үй-бүлөсүн өз эсебинен Абу-Дабиге чакырды. Алар бул жерде эки жума эс алышат. Бардык чыгымды Мухаммед мырза өзү көтөрөт жана алар бул жака келип, анын ашпозчуларына каттама жасаганды үйрөткөнү үчүн чоң сыйлык берет», — деди ал.

«Апамдын чайы», «Апамдын каттамасы» деп аталган кафелер Ысык-Көл облусуна баратканда Боом капчыгайына жете бербей жайгашкан. Аталган кафелер кардарларын каттама жана каймак менен тосуп белгилүү болгон. Андан тышкары, «Апамдын чайы» чет элдик туристтердин арасында да белгилүү бир брендге жана белгилүү жерге айланган.