Жогорку Кеңеш президентке Бишкектин мэрин кызматтан алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депуттары 15-декабрда президент Садыр Жапаровго Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду кызматынан бошотууну сунушташты.

Бул чечим үчүн 66 депутат добуш берди.

Эл өкүлдөрү калаа башчысы ыш менен күрөшүүдө жана шаардагы башка маселелерди чечүүдө жетиштүү чара көрбөй жатканын билдиришти.

Мурдараак жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиев калаа башчысы Абдыкадыров менен кайым айтыша кеткен.

Ал эми күн мурун депутаттар Абдыкадыровду Бишкектин мэри кызматынан алуу маселесин көтөрүшкөн. Эл өкүлдөрү анда калаа башчысы Жогорку Кеңештин жыйынан келбей койгонуна нааразы болушкан, эл өкүлдөрү аталган жыйында шаардагы ыш маселесин талкуулоону каалашкан. Көрсө, Абдыкадыров парламентке президент Садыр Жапаров катышып жаткан «Мурас» футболдук турнирин ачып жүргөнү үчүн келбегени белгилүү болгон.

Мэр менен депутаттын ортосундагы кайым айтышуу Сатыбалдиев 63 жашка чыккан киши, мыйзам боюнча, пенсияга кетиши керек деп айткандан улам башталган.

«Сиз азыр кадр маселеси боюнча жакшы сөз айттыңыз да. [Сиз] мен балдарымдан [адистерден] профессионалдуулукту карайм. Эми кадр маселеси токтойт. Алардын кесипкөйлүгүн өзүм текшерем деп [айткан элеңиз]. А сиздин кесипкөйлүгүңүздү ким текшерет?» — деп суроо узатты Сатыбалдиев калаа башчысына.

Абдыкадыров кызмат президенттин жарлыгы менен дайындалганын айтып жооп берди. «Президент текшерет жана баа берет», — деп кошумчалады ал.

«Мен билем президент сизге ишенет, сиз ага ишенесиз. Ал жөнүндө тар чөйрөдө жана кеңири чөйрөдө айтылып жүрөт. Өзүңүз шаар болбой калды деп [кызматыңыздан] кеткенге ыктыярыңыз барбы?» — деп сурады депутат.

Мэр андай нерсе оюнда жоктугун айтып жооп берди. Ал таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу сыяктуу көптөгөн пландары бар экенин билдирди. Ал үчүн, Абдыкадыров белгилегендей, жок эле дегенде үч-беш жыл керектелет.

Андан соң депутат «демек, бул жумуштарыңыз буйруса 68ге чыкканда ишке ашат экен да ээ?» деп сурады.

Ал эми бул суроого муниципалитеттин башчысы баарын иш жүзүндө көрсөтөм деп жооп берди. Ошондой эле ал бул кызматта канча убакыт болорун президент чечерин кошумчалады.

«Эгер сизди дайындаган жетекчилерге жакын болсоңуз, барып айтпайсызбы “Урматтуу Садыр Нуркожоевич, менин жашым деле келип калды, бошотпойсузбу” деп. Эркиңиз жетеби?» — деп кызыкты Сатыбалдиев.

Буга болсо Абдыкадыров мурда эл өкүлү өзү деле жогорку кызматтарды аркалаганын айтып эске салды.

Сатыбалдиев мамлекеттик кызматка жаш кезинде келгенин белгиледи.

«Мен жаш кезимде келгем, ошондо мени койбой эле койгула деп айткам. Бул тарых барактарында бар. Сиз мени менен кайым айтыша баштадыңыз. Макул. Кадр тандоодо мына бул чехарданы токтотом деп айттыңыз. Ушул [айткан сөзүңүзгө] тура аласызбы?» — деп тактады депутат.

Мэр кадр тандоонун үстүндө иштеп эле жатканын билдирди.

Андан соң эл өкүлү аткаминерден шаарды таштандыдан качан тазаларын сурады.

Абдыкадыров жергиликтүү бюджеттен таштандыны ташып чыгаруу үчүн техникаларды сатып алууга каражат бөлгөнүн айтты.

«Техникалар келгенден кийин системаны толук өзгөртөбүз», — деп кошумчалады ал.

Ал ортодо Сатыбалдиев мэрдин буга чейин айткандарын эске салып, суроосун тактап узатты:

«Демек, сиздин сөзүңүз боюнча кесипкөйлүгүңүз боюнча Садыр Нуркожоевичке кайрылышым керек экен да?»

Шаар жетекчиси ага «ал сиздин эркиңиз» деп жооп берди.

«Бүгүнкү жыйындын чечимине ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жазып койгула. Баятан бери эч кимиңер айткан жоксуңар. Кечээ болсо башкача сүйлөп жаттык эле», — деп Сатыбалдиев кесиптештерине эсине салды өткөн күндүн жыйынын.

Ал эми мэр болсо үйүнүн дубалын буздурганы үчүн эл өкүлүнүн жеке таарынычы бар экенин билдирди.

Элмурза Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосун бузуу.

«Өткөндө менин орун басарым сиздин тосмоңузду бузуп койду, себеби дегенде мыйзамдын алдында баарыбыз бирдей жооп беришибиз керек. Ошол жерде сизге окшогон 70 киши тосмолорун алышты. А сиз болсо [...] тоскоолдук кылдыңыз», — деди Абдыкадыров.

Бул арада сөзгө парламент спикери Нурланбек Шакиев аралышып, мэрди депутат менен кайым айтышпоого чакырды.

«Урматтуу мэр, жекеликке өтпөй жүрүңүз, мен суранам. Ошондо эле айткам, мыйзам силер тарапта, мыйзам биз тарапта эмес деп. Силер баарын бурмалап, тиги чала милиционериңизди жөнөтүп, шоу кылдыңар. Ага менин кагазым турат, менин инимдин атына, тосмону бузгула деп. Буздуңар, эмки жылга чейин акчабыз жок деп туруп, жасабай, азыр ошол 71 адамдын укугу тебеленип жатат», — деп жыйынтыктады сөзүн Сатыбалдиев.

Сатыбалдиевге партиялашы Улан Бакасов да болушуп чыкты.

«Урматтуу төрага, мэр мырзанын жумуш ордун караш керек, жумуштан кетириш керек. Себеби, Элмурза Ракыевич — бул “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери, биздин лидер. Лидерибизди сыйлабаган, бизди сыйлабагандыкка жатат. Лидерибиз менен кайым айтышып [жатат]. “Мекенчил” тобунун бардык депутаттары мэр мырзаны жумуш ордунан кетирүү керек деп сунуш беребиз», — деди ал.

Абдыкадыров 2022-жылдын 24-февралында Бишкектин мэри болуп дайындалган. Ал президент тарабынан Айбек Жунушалиевдин ордуна дайындаган. Азыркы мэр шаардан таштандылар чыгарылбай жана ыш менен күрөш жетиштүү болбой жатканы үчүн сынга алынып келет.