Ош: Адвокат аялын сабаган подполковникке иш козголбой жатканын айтты. Милиция аны четке какты

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык милициясынын Ак-Буура бөлүмү аялына зомбулук көрсөткөн подполковникке кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу адвокат Мухайо Абдураупова 16-декабрда билдирди.

Ал жабырлануучу жолдошу «аёосуз сабаганына карабай үй-бүлөсүн жана балдарын сактап калуу үчүн чыдап жашап келе жатканын» айтты.

«Көп жылдык зордук-зомбулукка чыдамы түгөнүп, акыркы жолу эсинен тангыча ур-токмокко кабылган соң арыз менен кайрылган. [Анда] үч саат эс-учун билбей жаткан, [күйөөсү] жада калса жардам берүүгө аракет кылган эмес, аял өзүнө келгенден кийин тез жардам чакырган», — деди жактоочу.

Абдураупованын айтымында, жабырлануучунун арызын шаардык милиция бөлүмү карап, 15-декабрда «кылмыштын курамы жок» деген негизде иш козгоодон баш тарткан.

«Аял нес абалда, алсыздык менен адилетсиздиктен улам ыйлап жатат. Качан мамлекет аялдарыбызды чындап коргойт», — деп суроо салды адвокат.

Милиция эмне дейт?

Ал эми Ош шаардык милициясы Мухайо Абдураупованын айткандарын четке кагып, жабырлануучунун күйөөсү «Ош ШИИБде эмгектенбейт» деп белгилешти.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда Оштун 45 жаштагы тургуну күйөөсү сабаганын айтып, милицияга кайрылган. Бул факт ошол эле күнү шаардык милициянын Ак-Буура бөлүмүнө каттоого алынган.

Кийинчерээк жабырлануучунун жолдошу көрсөтмө берген. Ал «сөз талаша кетип, аялын отургучка түртүп отургузуп койгонун» жана жубайына «кол көтөрбөгөнүн» айткан.

Ал эми соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыганда аял «жеңил жаракат алганы» белгилүү болгон.

Милициядан бул боюнча «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен укук бузуулар аныкталгандыктан, кылмыш иши козголбогонун белгилешти. Шектүүгө чара көрүү үчүн токтом Ош ШИИБдин Ак-Буура бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматына жиберилгенин кошумчалашты.

Кыргызстан — Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, дээрлик он жыл ичинде «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча 762 кылмыш ишин козгогон, ал жерде киши колдуу болгондор — аялдар. Мындай үрөй учурган адам өлтүрүү фактыларынын орточо он учурунун ичинен сегизи эркектер тарабынан жасалган.

Ал эми өлкөдө 2022-жылдын башынан бери он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан. Жалпысынан аталган аралыкта 8 440 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Ал эми өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Араван: Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын иши кыскартылганы айтылды

«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы